Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эртең "Шабдан Баатыр" көчөсү жабылат

Көчө кыймылы жылуулук тармагын калыбына келтирүүгө байланыштуу чектелет

Капиталдык курулуш Башкармасынын маалыматына ылайык, 23-июндан баштап жылуулук тармагындагы оңдөо иштерине байланыштуу автоунаалар үчүн Шабдан Баатыр көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат (чыгыш жагы).

Берилген ордерге ылайык жумушту «Бишкекжылуулуктармагы» ААК аткарат. Оңдоо иштери ушул жылдын 14-июлуна чейин созулат.

Бишкек мэриясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана автоунааларды айланма жолдорго салуусун алдын ала өтүнөт.

Бишкек мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх