Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн сүрөтчүлөр келишти

Улуттук көркөм-өнөр искусствосунун музейинде байыркы дүйнөнүн сүрөтчүлөрүнүн көрсөтмөсү ачылды

Бүгүн Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм-өнөр искусствосунун музейинде байыркы дүйнөнүн сүрөтчүлөрүнүн «Көп кырдуу цивилизация, бирдей тагдыр» аттуу көрсөтмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Иш чарага маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов катышты. Ал катышкандарды искусство жаатындагы маанилүү окуя менен куттуктап, эстелик үчүн белектерди берди.

«Бүгүнкү эл аралык көрсөтмө элдердин тынчтыгын жана достугун бекемдөөгө шарт түзүшүнө ишенем», - деп белгиледи министр.  

Мекеме бул маарекеде мыкты деп эсептелген сүрөтчүлөргө өзүнчө сыйлык ыйгарды жана аларды «Кыргызстандын мыкты маданий кызматкерлери» деп атады.
Өз кезегинде эл аралык «Тынчтык үчүн саякат» фондунун жетекчиси Шоа Чань Чунь алынган китептер байыркы цивилизацияны, элдердин маданиятын чагылдырат деп белгиледи.

«Мындай деген кыта макалы бар: «Биздин жашообуз коңшуларыбыздын жашоосу оңолсо жакшырат». Мен үчүн Кыргызстан кошуна да, жакын тууган да. Он жылдан бери бул өлкөгө келип, кетем: аябай кооз табият, жакшы тамактар жана кыздары татынакай. Мен Кыргызстанды жакшы көрөм, ошондуктан көп досторумду алып келдим», - деп өзүнүн кубангандыгын билдирди.  

Ошондой эле бул жолу көптөгөн өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрү келгендигин белгиледи: Тажикстандан, Ирандан, Индиядан, Украинадан, Италиядан, Иорданиядан, Россиядан, Түркиядан ж.б.у.с.

Эл аралык көрсөтмө 2018-жылдын 2-июлуна чейин созулат.
Маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх