Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дээрлик бир жарым миңдей Кыргыз Республикасынын жарандары Орусиядагы 2018-ДЧ көрүүгө барышты

Футбол боюнча дүйнө Чемпионатына күйөрман паспортун алгандар 1,5 миллион адам болду

Орусиядагы 2018-жылкы FIFA футбол боюнча дүйнө  Чемпионатынын күйөрман паспортун алган Кыргыз Республикасынын жарандары бир жарым миңге чамалаш. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына РФ байланыш жана массалык коммуникация Министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

- 1 миң 411 Кыргыз Республикасынын жарандары футбол боюнча дүйнө Чемпионатынын күйөрман паспортун алышты, - деп айтышты.

Футбол фанаттарына берилген  FAN ID жалпы саны 1,5 миллион даананы түздү. Алардын ичинен эң көбү орусиялыктар - 871 миң киши. Ошондой эле 60 миң киши Кытайдын күйөрмандары жана 49 миң АКШ жарандары паспорт алышты. Мексиканын жарандары дээрлик 43 миң  FAN ID буйрутма беришти. Аргентина - 35,9 миң, Бразилия - 32 миң, Колумбия - 29 миң, Германия - 28,6 миң, Перу - 26 миң.

Күйөрман паспорту - футбол күйөрмандарынын өздүгүн аныктоочу системанын бөлүгү болуп саналган көрүүчүнүн персоналдык картасы.  FAN ID номиналдуу болуп эсептелет, 2018-ДЧ бардык оюндарына бир жолу жана бекер жасалат.

Футбол боюнча дүйнө Чемпионаты  FIFA 2018-жылдын 14- июнунан 15-июлуна чейин Орусияди өтөт.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх