Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКТ менен байланышы бар адамдарды куралын тапшырууга милдеттендиришет

Талдоочулар ИИМ демилгесинин кандай пайдалуу жактары бар экендигин түшүндүрүшөт

ИИМ криминал менен байланышы бар адамдарды ыкчам эсепке алуу сунушу туура. Бул тууралуу оюн Vesti.kg сайтына мурдагы премьер министр Феликс Кулов билдирди.

- Бүгүнкү күндө УКТ менен байланышы бар жарандар алдын ала эсепке ыкчам кызматкердин каалоосу боюнча, начальниктин колусуз алынат, - деп түшүндүрдү. - Бул тууралуу алтургай Конституциялык палатанын жыйыны да болгон. Ал эми ИИМ бул норманы өзгөртүүсү туура чечим. Ар бир жаран өзүнүн укугунун чектелүүсү тууралуу сотко кайрылууга акылуу. Эгерде адамды соттун чечими чыккандан кийин гана эсепке алышса , анда укугу бузулбайт. Бардыгы мыйзам чегинде болот.

Өз кезегинде юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү мыйзамына түзөтүү киргизүү зарылдыгын айтат.

- Мурда көптөгөн жактоочулар ыкчам эсепке алуу жарандардын конституциялык укугун бузат, күнөөсүздүк жоромолу деген түшүнүк бар деп билдиришкен, - деп эскертет ал Vesti.kg сайтына.
- Азыр милиционерлер УКТ шектүү кишини өздөрү эле эсепке алышат. Бирок , эгерде жактоочулар бул норма тууралдуу Конституциялык палатага кайрылышса, анда муну таптакыр эле алып салуулары мүмкүн. Биз Кыргызстанда «кара бийликтин» бар экендигин билебиз, аны көзөмөлдөп туруу зарыл. Ошондуктан укук коргоочулар алдын алууну туура көрүштү. Сот эсепке алууга макул деген чечим чыгаруу үчүн тана албай турган далилдерди таап келүү керек. Андан сырткары , эгерде жаран чындап эле кылмыштуулукка байланышы бар болсо, аны эсепке да алып, курал алып жүрүүгө тыюу салуу керек.

ИИМ кээ бир мызамдык актыларды коомчулуктун талкуусуна алып чыккандыгын түшүндүрө кетели. Мекеме кылмыштуулукка катышы бар жаранды алдын ала ыкчам эсепке алууну соттун чечиминен кийин жүргүзүүнү сунуштап жатат. Эсепке алынган жарандар катылган атылуучу куралдарын тапшыруусу зарыл жана жашаган жери тууралуу маалыматты берип туруусу керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх