Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттык сактоо Министрлигине 5 гемодиализ аппаратын беришти

Алардын үчөө дароо Караколго жөнөтүлдү, экөөнү Талас облустук ооруканасына орнотушат

«КР гемодиализ жана нефрология бейтаптарынын Бирикмеси» Коомдук уюмунун төрайымы Венера Ташмамбетова айтымында, 6-июлда КР саламаттык сактоо Министрлигине бирикменин атынан 5 гемодиализ аппараты берилген.

Бир нече ай мурун Караколдо аппараттар бузуп калган соң «Фрезениус» немис компаниясына гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу суроо жөнөтүлгөн эле, - дейт Ташмамбетова.  - Аппараттар бекер берилди, аппараттардын үчөө дароо Караколдогу облустук оорукананын гемодиализ бөлүмүнө жөнөтүлдү. Калган экөө Талас облусттук ооруканасына жөнөтүлөт.

Бүгүнкү күндө гемодиализге кезек күтүү жок. Бир нече жаңы бейтаптар гана бар, алардын маселелери да жакында чечилет. Жакынкы убактагы максаттарыбыз, бул мамлекет менен жеке компания «Фрезениус» өнөктөштүгүнүн аркасында гемодиализ борборун ачуу. Болжолубузда бул оорукана быйыл күзүндө ишке кирип, 280 бейтап жата турган болот. Ага Ош, Бишкек, Жалалабаттын бардык  тендерден уткан бюджеттик бөлүмдөрү батат деп чамалап турабыз.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бюджеттик негизде600 киши гемодиализ кызматын алышат, 600 ашуун киши ОМС Фондунун жеңилдиги боюнча жардам алышат.

Саламаттык сактоо Министрлигинин пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх