Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер мэрияга көбүнчө муздак суунун суунун таңкыстыгынан арызданышат

Борбордук муниципалитетте эмне үчүн жарандардын бардык кайрылуулары катталбагандыгын түшүндүрүштү

Бишкектин тургундары баарынан да муздак суунун жоктугуна арызданышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынан билдиришти.

- Биз кайрылууларды саны боюнча аркандай себептери эсеп жүргүзөбүз, - деди чакыруу-борборунун начальниги Назгүл Садыкова.

- Арыздар суу боюнча, дарактар жана таштандылар боюнча болушат. Элдер көбүнчо муздак суу тууралуу көп кайрылышат. Бул көбүнчө жайкы кырдаал.

Мурдараак Vesti.kg сайты Бишкек мэриясындагы 29-июндан баштап 5-июлга чейинки арыздардын санын эсептегендигин берген эле.

Анда чакыруу-борборуна түшкөн 653 арыздын жана кайрылуунун 190 катталгандыгы маалымдалган. Каттоодон өткөн кайрылуулардын жана арыздардын 137 канааттандырылган.

- Баары катталган эмес, анткени кээ бир маселелерди оператор менен сүйлөшкөн убакта эле чечип коюуга болот,- деп түшүндүруштү пресс-кызматындагылар. Катталган, бирок чечиле элек көйгөйлөр азыр иш учурунда.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх