Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда ГӨО - продукциясына тыюу салууну сунушташат

Депутат биздин өлкөдө табигый товарларды бренд кылууга мүмкүнчүлүк бар

Кыргызстанга ГӨО-продукцияларын алып келүүгө жана өстүрүгө тыюу салуу жакшы жана сабаттуу долбоор. Бул пикирин  Vesti.kg сайтына эколог Сергей Криворучко бөлүштү.

- ГӨО, эреже катары массалык өндүрүштө колдонулат, генетикалык жактан өзгөртүлгөн продуктулардын жаман таасири азырынча билине элек, - деп түшүндүрдү ал. - Кыргызстан - чакан өлкө, бизге чакан гана өндүрүштөр керек, ири корпорациялар менен иш алып баруунун кажети жок. Бирок, бул долбоорду кабыл алышса, анда аны туура көзөмөлдөө керек болот. Өкмөт фермерлерге анын ордуна компенсация катары бирдеме сунушташы керек. Бирок бул баары бир туура багыт, анткени биздин товарыбыздын сапаты көп өлкөлөргө белгилүү.

Тактап айтканда, депутат Экмат Байбакпаев «Генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдери бар продукцияларды Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө, өндүрүүгө жана өстүрүүгө тыюу салуу тууралуу» мыйзам долбоорду коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.

Депутат мыйзамды негиздөөчү маалыматта Кыргызстанда ГӨО продукцияларын колдонгон жана алып келген учур статистикада көрсөтүлбөгөндүгүн белгилейт. Андан сырткары, мамлекет тарабынан генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдери бар товарлардын өндүрүлүшүн көзөмөлдөө механизми жок.

«ГӨО башка тирүү табияттагы организмдерди басып салуусу жана алардын таркалышын ал аймакта кысып салышы - бул илимий далилденген факт, - деп билдирет документте. - Илимий жактан  генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерди өндүрүү ал жердеги курт-кумурскалардын, өсүмдүктөрдүн кайсы бир түрлөрүнүн жок болуп кеткен айрым бир байкалган фактылары бар. Алардын ордуна мутанттык түрдөгү аргын курт-кумурскалар, өсүмдүктөр пайда болушат. Жаратылыштын химиялык жана биологиялык жактан булганышы акырындык менен биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна алып келет.

Чет элдик керектөөчүлөр биздин таза, генетикалык жактан өзгөртүлбөгөн товарларыбызга ири акчаларды төлөөгө даяр. Кыргызстанда табигый продукцияны өзүнүн аты менен чыгаруу мүмкүнчүлүгү али бар».

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх