Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Жактоочулар кеңеши жоопкерчиликти жактоочулардын Съездине оодарышат

Мүчөлүк акыны 20 миң сомго чейин көтөрүү чечимин съездде азчылык добуш менен кабыл алышты

КР Адвокатурасына кирүү төлөмүн 20 миң сомго чейин көтөрүү чечимин жактоочулар кеңеши эмес жактоочулардын съезди кабыл алды. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына кесиптик бирикме билдирди.

- КР жактоочуларынын 2016-жылдын 3-мартындагы съездинде мүчөлүккө төлөнө турган акы 20 миң сом болсун деген чечимди кезексиз жыйынында кабыл алышкан, - деп айтылат катта. - Бул сьездде мүчөлүк акыны жогорулатуу сунушу боюнча добуш берүү болду.  Республика боюнча жактоочулардын катышкандары 178, ал эми макул деп 79 добуш беришти.
Бул факт кызыктуу, анткени КР Адвокатурасынын Уставында 2.5.2. пункттарына ылайык чечим бир гана көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

«Чечим Съездге катышкан жактоочулардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат», - деп жазылган документте.  

Бирок 178дин ичинен 79 кызыктай көпчүлүк болуп калды. Бул чечим Райымкулов кызматка кирише электе кабыл алынып калды.

- Биз аткаруучу орган катары Съездде кабыл алынган чечимдерди аткарууга  милдеттүүбүз, - дейт андагылар. Ошондой эле жактоочулар бирикмесиндегилер Билим Райымкуловдун пальто уурдагандыгы үчүн соттолгондугун жалган дешет, муну мурдараак Vesti.kg сайты жазып чыккан эле.

- Жогоруда келтирилген маалыматтар боюнча  билдиребиз, КР ЖС Соттук коллегиясынын аныктамасы менен 1998-жылы 2-июндагы Бишкек шаардык сотунун Билим Райымкуловго карата чыгарылган өкүмү жокко чыгарылган, - деп кошумчалайт андагылар.

Эске салсак, Vesti.kg сайты КР Адвокатурасынын төрагасы Билим Райымкулов 400 пальто уурдагандыгы үчүн 2 жыл 6 айга сыртынан соттолгондугун жазган эле.

«Дөңбаев Нурбек, Билим райымкулов КР ЖК 144 беренесинин 2 б. боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылсын, - деп жазылат өкүмд.

- КР ЖК 40 беренесине ылайык Райымкуловдун жазасын сырттан деп жана 3 жылга сыноо мөөнөтү коюлсун».

Ошондой эле сөздү Vesti.kg сайты Канат Жайлоевге да берди. Көп жылдан бери жаш юристтер кесиптик ишмердүүлүгүн баштоо үчүн бирикменин бюджетине 20 миң сом төлөөсү керек.
Ал 2009 - жылы КР Адвокатурасы мүчөлүк акыны 2 миң сом кылгандыгын айта кетти. Бирок ошол эле жылы кайра съездде 20 миң сомго көтөрүп салышты.

- Коомчулукта болжол мененг 2,5 миң жактоочу бар,- дейт Vesti.kg сайтына «Коррупцияга каршы коом» коомдук бирикмесинин төрагасы Манас Кадыров. Бирок алар мүчөлүк акыны 1,5 - 2 миң гана төлөшөт. Бирок алар жаш кесипкөйлөр сөзсүз 20 миң төлөшсүн дейт.

Ольга Федорчук
Сңрөт www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх