Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Леонардо Ди Каприо менен Анджелина Жолини чакырышты

Андан сырткары ДКО ыктыярдуу элчиси катары Кыргызстанга Стивен Сигал кайрадан келиши керек

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна дүйнөлүк кино жылдыздары Анджелина Жоли, Джеки Чан жана Леонардо Ди Каприо чакырылышкан. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ДКО даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.

Анын айтымында жогоруда аталган атактууларга чакыруу жиберилген.

- Жоопту азырынча ала элекпиз, - деп тактады Аденов. - Андан сырткары, ДКО ыктыярдуу элчиси катары Стивен Сигал келиши керек.

Ошонджой эле президенттин атынан бир катар мамлекеттердин башчыларына чакыруу жиберилген. Мисалы, көчмөндңр оюнунун аркасынан эле түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин өткөрүү ойлонуштурулуп жатат. Ошол саммитке келе турган мамлекеттер Көчмөндңр оюнунун ачылышына күбө болушат.

Ошону менен эле бирге Нурсултан Аденов быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда спорттун түрлөрү көп болот деп билдирди.

- Буга чейин спорттун 24 гана түрү боюнча таймаш болсо, быйыл 37 чейин көбөйтүлдү,- деди ал. - Чет элдиктердин суранычы боюнча сумо, самбо, көчмөн элдердин күрөшү жана башкалар киргизилди.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин болот.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх