Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Монополияга каршы жөнгө салуу агентствосу КР Адвокатурасына карата текшерүү жүргүзөт

Мекемедегилер жаш юристтер иштөө үчүн 20 миң сом мүчөлүк акы төлөөсү зарыл деп эсептешет

Монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агентствосу КР Адвокатурасына карата текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекемедегилер билдиришти.

Текшерүүгө негиз болуп жаш жактоочулардын кесиптик бирикмеге кирүү үчүн кассага 20 миң сом төгүүсү керектиги эсептелет.

- КР Адвокатурасына кирүү жактоочулук менен алектенгенге толук укук берет, бирок мүчөлүк акы төгүү жактоочулук кылуу кандайдыр бир тоскооол жаратчу мүнөзү бар деп жооп беришти мекемеден.
Андагылар монополияга каршы мыйзамды окуп үйрөнүү жүрүп жатат деп түшүндүрүштү. Жыйынтыгында Адвокатуранын жетекчилигине чара колдонобуз деп түшүндүрүштү.
Белгилей кетсек, «КР жактоочулук ишмердүүлүк тууралуу» мыйзамынын 25-беренесине ылайык ар бир лицензия алган жактоочу бир айдын ичинде Адвокатурага кирип, Адвокатура тарабынан аныкталган мүчөлүк акыны төлөөсү керек.  
Жактоочулардын айтымында, анын өлчөмү айына 200 сом болуусу керек.
Мүчөлүк акы деген эмне, ал тууралуу мыйзамда эч нерсе каралган эмеспи - кирешенин бул түрү бааны жөнгө салууга кирбейби.

Бир гана Адвокатуранын Уставында 4.1 пунктунда мындай деп жазылат, лицензия алган жактоочу мүчөлүк акы төлөөгө милдеттүү. Акынын өлчөмү 20 миң сом, деп 2016-жылы 3-мартта Кыргызстандын жактоочуларынын жыйынында чечим кабыл алышкан.

Эске алып коё турган бир кичинекей жагдай бар, КР Адвокатурасынын Уставынын 2.5.2. пунктуна ылайык, жыйындагы чечим жөнөкөй гана көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат. Мүчөлүк акыны көбөйтүүгө 178 мүчөсүнөн 79 гана киши добуш берген, башкача айтканда азчылык деп билдиришти Vesti.kg сайтына. Белгилей кетсек, бирикменин жактоочулары Билим Райымкулов пальто уурдагандыгы үчүн соттолгон деген маалыматты четке кагышат.

- Жогоруда келтирилген маалыматтар тууралуу төмөнкүлөрдү билдиребиз: 1998-жылы 2-июнда КР ЖС Соттук коллегисынын аныктоосу менен КР Бишкек шаардык сотунун Билим Райымкуловго карата өкүмү жокко чыгарылган, - деп кошумчалашты андагылар.
Кеп 400 пальтонун уурдалгандыгы тууралуу болуп жатат, анткени 1998-жылы Бишкек шаардык соту Билим Райымкуловду 2 жыл 6 айга сыртынан эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

«Дөңбаев Нурбекти, Билим Райымкуловду КР ЖК 144 беренесинин 4 б. боюнча айыптуу деп табылсын жана ушул берене менен мүлктөрү тартылып алынбастан эркинен ажыратылсын, деп жазылат өкүмдө.  - Райымкуловду КР КК 40 бернесине ылайык белгиленген жаза мөөнөтүн сыртынан деп эсептеп сыноо убактысы 3 жыл болот».

Ошондой эле Vesti.kg сайтына Канат Жайлоевдин сөзүн беришти. Ал жаш юристтер жактоочулук ишмердүүлүгүн баштоого 20 миң сом бирикменин бюджетине төгүүсү керек деген.
Ал 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы мүчөлүк акыны 2 миң сом кылгандыгын айткан. Бирок ошол эле жылы биринчи эле жыйында аны 20 миң сомго көтөрүштү.  

- Бирикмеде кеминде 2,5 миң адам бар, дейт Vesti.kg сайтына «Коррупцияга каршы коом» коомдук бирикмесинин төрагасы Манас Кадыров. - Мүчөлүк акыны миң сом, бир жарым миң сом гана төлөшөт андан көп эмес. Алар жаш адистер төлөөсү керек, алар милдеттүү дешет.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх