Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер суунун тарифин жогорулатууну сунуштады. Абдан эле аз төлөнөт деп эсептейт

Мухаммедкалый Абылгазиев чогулган каражаттар Кыргызстандын аймактарын таза суу менен камсыз кылууга жумшалат деп билдирди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айылдыктарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча жыйын кылды.

Суу менен камсыздоо жана архитектура, курулуш Мамлекеттик агентствосунун, жашоо-коммуналдык чарбасы департаментинин директору Аскарбек Токтошев «Ала-Тоо булагы» программасы эки багыт менен ишке ашат дейт. Суу менен камсыз кылуу жана санитария.

Бул программа дээрлик бардык калктуу пункттарды кучагына алат. Суу маселеси Республиканын 115 айыл кыштактарында бар. Бул программа менен биз 300 миңдей адамды суу менен камсыз кыла алабыз. Андан сырткары суу менен социалдык обьекттер, мектептер камсыз болушат. Долбоор Дүйнөлүк банк жана Ислам банкынын каржылоосу астында ишке ашат. Баардыгы болу суу менен камсыздоого 94 млн. АКШ доллары каралган, - дейт Токтошев.

Өкмөт башчы суу менен камсыз кылуу белгиленген мөөнөттө бүтүүгө зарыл экендигин белгилеп кетти.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өкмөт өлкөнүн ар бир жараны суу менен камсыз болушуна болгон күчүн үрөйт. «Таза-Суу» программасында кетирилген катчылыктар кайталанбасын, - деп тапшырма берди премьер. Андан сырткары иче турган суунун тарифин кайра карап чыгууга тапшырма берип кетти.
«Суунун бир кубометри, бул миң литр, Бишкектин ар бир жашоочусуна 5,38 сомдон туура келет экен. Анда кантип кызмат акы 7,70 сом болот. Пластикалык идиштеги суунун баасы 20 сом. Мындай болууга мүмкүн эмес. Элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Эгерде биз суу менен камсыз кылышыбыз керек болсо , анда тарифти карап чыгуубуз сөзсүз керек. Андан түшкө каражатка биз аймактарды суу менен камсыз кылабыз», - деди премьер-министр.  

Абылгазиев айылдыктар сууга муктаждык деген эмне экендигин билбөөсү керек деп өзгөчө белгилеп кетти.

«Биздин өлкөдө тазаа суунун кору өтө көп. Бизде суу менен камсыз кылууга эң эле арзан тариф бар. Суу- бул баа жеткис байлык. Аны сактоо жана баалоо ар бирибиздин милдетибиз», - деп айктады ал.  

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх