Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Инфекциялык ооруканага бир сутканын ичинде 300 ашуун адам кайрылды

Саламаттык сактоо Министрлигинде орундун жетишпегендиги кадимки көрүнүш болуп калды дешет

Инфекциялык оорукана толуп калган. Акыркы суткада медициналык жардам алууга 302 адам кайрылган, алардын 105 гана ооруканага жаткырылган. Бул туурасында Vesti.kg сайтына саламаттык сактоо Министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, такай жатып дарылангандар негизинен ичеги-карын инфекциясынын айынан кайрылгандар.

- Учурда ооруканада ушул гана диагноз менен 210 адам жатат, бул оорунун сезондук өөрчүшү. Бөлүмдөрдөгү бар болгон 400 орундун баары быкылдап толду. Эгерде катуу ооругандар болсо, албетте орун табабыз. бирок көбүнчө амбулаториялык дарыланууга жиберебиз, - деп түшүндүрүштү саламаттык сактоо Министрлигиндегилер.
Андагылар инфекциялык ооруканадагы бул көрүнүшкө көнүп калгандарын айтышат.

- Биздин бүтүндөй республикага бир гана оорукана болсо ушундай болбогондо кандай болмок эле, айла жок. Жайында элдер ууланып калып келишет, кышында болсо сасык тумоо, - деп аяктады пресс-кызматы.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх