Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адилет Министрлиги жактоочулар жана нотариустар үчүн салыкты кайра карап чыгууну сунуштайт

Бул боюнча талдоочулардын пикири эки ача болду

Жеке ишкерлердин кызмат көрсөтүүсү мамлекеттикине карганда кымбат тураарын алар жашырышпайт. Бул деген алар салыкты ишкерлер катары төлөөсү керек дегендикке жатат. Бул оюн Vesti.kg сайтына юридика илиминин доктору Кайрат Осмоналиев билдирет.

Түшүндүрө кетели: Адилет Министрлиги коомчулуктун талкуусуна «КР жактоочулук жана нотариалдык ишмердүүлүк жаатында  кээ бир мыйзамдык актыларга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун алып чыкты. Анда жактоочулар жана нотариустар үчүн жаңы тарифтер каралган.

«Адвокатура коммерциялык ишканаларды пайда табуу максатында артынан түшпөйт жана аларга кошулууга укугу жок, - деп айтылат негиздөөчү тактамада. - Көрсөтүлгөн мыйзамдын 16 берененин 3 б. ылайык жактоочу тарабынан көрсөтүлгөн кызмат ишкерликтин кызматы деп эсептелбейт».

Ошону менен бирге мурда нотариустар салык кызматында эсепте турчу, бирок мыйзамга ылайык нотариалдык кызматты экономикалык ишмердүүлүк катары караганга мүмкүн эмес.

«Ушул себептен нотариустарды салык органдарынын эсебинен чыгарып салуу керек, - дешет Адилет Министрлигиндегилер. - Алар салык төлөбөшү керек.  Ошондуктан алар жактоочулар катары салык төлөөсү зарыл. Келечекте болсо алардын кызмат көрсөтүүсүнө тарифтер киргизилет. Азыр мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатат».

Кайрат Осмоналиев мекеменин снушуна макул.

- Бардык жеке нотариустар акча иштеп жатышат, аларды бир гана кылмыш иши менен лицензиясын алып коюу токтотот, - дейт ал. - Ошондуктан аларды жактоочулар сыяктуу эле ишкерлер деп атоого болот. Алардын арасынан альтруисттерди табуу кыйын, баары акча үчүн иштешет. Андан сырткары көпчүлүгү келишим түзбөй эле иштей беришет. Аларга олуттуу көңүл буруп, документсиз иштесе болбой тургандай кылуу керек.
Бирок саясий илимдердин доктору Канатбек Азиздин ою боюнча башкача.

- Жактоочулар жыл сайын акы төлөшөт, ага кошумча дагы 20 миң сом лицензияга беришээин айтты ал Vesti.kg сайты менен маек кылганда. Кээ бир юристтер такай иштешет, бирок андан башка жагдайда иштегендери да бар. Алардан кошумча салык алуу бул шашкандык болуп калат. Жеке нотариустарды башка тариф мене төлөөгө мажбурлоо да  жемишсиз иш болот. Анткени алар мампошлина төлөйт да. Меин оюмча коомчулук Адилет Министрлигинин бул мыйзам долбооруна каршы чыгышат болуш керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх