Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тарых музейинин башчысынын орун басары мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлдү

Кээ бир интернет колдонуучулар бул фактыга нааразы болушту, анткени бул коррупциялык жаңжалдын айдыңында болуп жатпайбы

Мамлекеттик тарых музейинде болгон коррупциялык жаңжал кыргызстандыктарды анын директорунун орунбасары Анаркүл Исиралиеванын «Эмгек сиңирген маданият ишмери» наамына татыктуулугунан шектендирет

«Кантип эле музейде коррупциялык иштер болуп жатса ал сыйлык алат?» - деп кызыгат соцтармактардын колдонуучуларынын бири.  

Ал ортодо маданиятка эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Мар Байжиев соцтармактын колдонуучусунун нааразычылыгына макул эместигин билгизди.

- Ал кандайдыр ыйгарым укуктары болсо башка кеп эле, - деп каршы болот ал. - Азыр театрдын мүдүрүнүн да, музейдин мүдүрүнүн да эч кандай ыйгарым укугу жок. - Алар жөн гана аткаруучу. Ошондуктан бул жерде Анаркүл Исираилованын эч кандай күнөөсү жок. Ал бул наамды алууга татыктуу, анткени көп жылдар бою тарых музейинде эмгектенди.
Дагы бир маданиятка эмгек сиңирген ишмер, профессор Тилектеш Ишемкулов болсо, эгерде Исираилова коррупциялык иштерге аралашкан болсо бул наамга аны көрсөтүшпөйт болчу дейт.

- Бул жерде ойлонуп сүйлөп, кишини жок жерден каралап албоо керек, - деди ал. Баарынан мурда анын эмгек жолун кароо керек. Эгерде ал музейдеги реконструкцияга чейин иштеген болсо, анда башка кеп. Ал бул ишти жеке көзөмөлдөгөн эмес да. Эгерде эмгек жамааты колдогон болсо, бул нерсе да көп нерседен кабар берет.

Эске сала кетели, маданият Министрлигинин маалыматы боюнча, 101 маданият ишмери ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөн. Тизме президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар комиссиясына жөнөтүлдү.

Тарых музейинин мүдүрүнүн орун басары Анаркүл Исиралиевага «Маданияттын эмгек сиңирген ишмери» наамы ыйгарылат.

Бакыт Стамов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх