Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот өкмөттү Шабдан Баатыр көчөсүн өзгөртүү боюнча ишке тартты

Эмнегедир «Айкөл Ала-Тоо» бул териштирүүгө катышпай жатат

Бишкектин райондор аралык соту өкмөттү Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель көчөсүнө өзгөртүү ишинде үчүнчү жак катары бул ишке тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоочу Калича Өмүралиева билдирди.

Бүгүн Бишкектин райондор аралык сотунда бул боюнча алдын ала отурум болду.

- Алдын ала болгон отурумдун жүрүшүндө сот документтерди талап кылды, ошондой эле үчүнчү жак катары өкмөттү да бул ишке тартты, - дейт активист. - Бул иштин демилгечиси болгондугуна карабастан «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси бул териштирүүгө келген жок.

Кийинки отурум 12-сентябрга дайындалды.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайтына райондор аралык сот укук коргоочулардын Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель кылып өзгөрткөн Бишкек шаардык кеңешинин токтомун жокко чыгаруу тууралуу доо арызын крайт деп билдиришкен.

Алмазбек Атамбаевге Шабдан Баатыр көчөсүнүн атын өзгөртүү тууралуу сунуш былтыр «Айкөл Ала-Тоо» жана «Мекен шейиттери» коомдук бирикмелеринен түшкөн.    
 Аталышын өзгөртүү тууралуу чечимди Бишкек шаар кеңеши ушул жылдын 5-апрелинде кабыл алган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх