Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Апрель революциясынын баатырлары мыйзамсыз курулушка каршы митингге чыгышат (сүрөт)

Жал кичирайонунун жашоочулары мэриянын алдында каршылык акциясын өткөрүшөт

«Ихлас» курулуш компаниясынын мыйзамсыз иштерине каршы багытталган бүгүн Жал кичирайонунда өттү. Компания уруксат документтери жок үй куруп жатат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына акциянын уюштуруучулары билдиришти.

- Курулушту мындан 4 ай мурун башташкан, - дейт «Айкөл Таза Коом» АК төрагасыТөлөбай Жузубалиев. - Курулуштун мыйзамсыз жүрүп жаткандыгына иликтөө стадиясына келип калган кылмыш иши күбө. Бирок ага карабастан ишти улантып жатышат.

Акцияга 30 ашуун киши катышты. Тургундар митингге транспоранттар менен чыгышты.



- Биз тийешелүү инстанцияларга бир нече жолу кайрылганбыз. Эртең Бишкек мэриясынын алдында митинг кылууну көздөп турабыз- деп кошумчалады Жузубалиев.

Апрель революциясынын баатырлары Сооронбай Жээнбековго кат менен кайрылышып, бул башаламандыкка көңүл буруп коюусун өтүнүшкөн.

Эске салабыз, мурда Vesti.kg сайты апрель революциясынын баатырлары Жал кичирайонунда мыйзамсыз курулуш болуп жаткандыгына арыздангандарын жазган болчу. Алар мыйзамдын бузулгандыгын тастыктоочу документтерди элге шардана кылган болчу.

Бул факт боюнча 2018-жылы апрелде Баш прокуратура кылмыш ишин козгогон. Иликтөөнү УКМК ККК алып барууда.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх