Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот дарак кыйганга каршы чыккан кишини беш күнгө камады

Александр Толмачев ачкачылык жарыялады

Биринчи май райондук соту укук коргоочу жана «Жашылдар» партиясынын шаардык бөлүмүнүн төрагасы Александр Толмачевду 5 күнгө камады. Анын иш аракетин «майда бейбаштык» катары баалашты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына «Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев билдирди.

Анын айтымында, толмачевду мыйзамсыз соттошкон.

- Мен азыр ийне-жибине чейин билбейм, бирок ал туура иш алып барып жаткан, - дейт партиянын лидери.
- Ал жарактуу эле бак дарактарды кыйганга каршы турган. аны каралап салышканы турган сөз. Ал эми шаардыктар, анын ичинде ММК, баары коркоктор. Шымдарын булгап алышты. Дарактарды кыйганды улантып жатышат, менин буга чыдамым жетпей калды. Мен эртең келем, бул иш тууралуу биз сөзсүз чогулабыз.

Ошону менен бирге саясатчы соттун буйрукту аткаргандыгына бөркүндөй ишенет.

- Сот реформасы болмоюнча мындай башаламандык улана берет, - деп белгилейт Бөлөкбаев. Ошондуктан мен Биринчи май райондук соту буйрукту аткарды деп ишеничтүү айта алам.

Райондук соттун чечимин мыйзамсыз деп Александр Толмачёвдун жубайы Мария Сологуб да айтты.

- «Зеленстройдун» командасы Александрдын үстүнөн арыз жазышып, жарактуу дарактарды кыюуга жолто болуп жаткандыгын айтышкан. Ал эми сот болсо токой кыйгычтар менен бирге болуп чыкты, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Арыз 2018-жылдын 4-августунда келип түшкөн, анда Толмачевдун бейбаштыгы жазылган. Ал эми 5-августта, жекшемби күнү сот болду. Соттук отурум Биринчи май райондук сотунда болуп, эртең мененки саат 11:00 кечке чейин болду. Акырында сот Боромбаев 364 берененин 1 б. менен чечим чыгарды. Александр Толмачевду 5 күнгө эркинен ажыратты. Мыйзамды одоно бузушуп, даттануугу убакыт беришкен жок. Чечим чыгаары менен эле Бишкек ИИМБ кабыл алып бөлүштүрүүчү жайына жөнөтүштү. Бул мыйзамсыздыкка жооп кылып Александр ачкачылык жарыялады.

Камактагы шарттын үрөй учураарын аялы айтып берди. Камераларда бүргө деген кайнайт. Андан сырткары укук коргоочу катуу оорусу бар кишилердин арасында болушу керек.

- Мекеменин кызматкерлери өздөрү камерага маска кийип жана мээлечен кирүүгө кеңеш беришти, ал жерден жугуштуу бир нерсе жуктуруп алууга мүмкүн, - дейт Сологуб. - Анын үстүнө Александр камакка кирээрдин эле алдында дарылануу курсунан өткөн. Өткөн жумада дарыгерлер анын башынан шишик табышкан болчу. Албетте, бүгүнкү күндө дарылануу үзгүлтүккү учурады. Толмачевго атайын ушундай коркунучтуу, жаман шарт болсун деп кимдир бирөө кам көргөнбү деген ой кетет?

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх