Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектен жаш жигитти эс учун жоготкон абалда табышты (сүрөт)

Жигит 20-22 жаштарда. Жанында телефону да, эч кандай документи да жок

Жаш жигитти Бишкектен эс учун жоготкон абалда табышты. Жанында эч кандай документтери болгон эмес жана телефону да жок болгон. Бул тууралуу фейсбук соцтармагынан өзгөчө медициналык Борборунун дарыгери Жанара Айдарова билдирди.

Анын айтымында, бала эс учун жоготкон акыбалда №6 Башкы клиникалык ооруканага 7-август күнү түшкөн.

- Бүгүн аны Улуттук ооруканага, неврология бөлүмүнө которушту, - деп жазат ал. - Кийимден футболкасы жана кара түстөгү чолок шымы бар экен. Кимдир бирөө тааныган болсо туугандарына айтып койгула, издеп атышса керек!

Улуттук ооруканадагылар Vesti.kg сайтына жаш жигиттин азыр жандандырууда жаткандыгын билдиришти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх