Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ихлас»: Биздин турак жай курууга уруксат документтерибиз бар

Компаниянын өкүлү апрель революциясынын баатырларынын билдирүүлөрүн четке какты

Жал кичи конушунун тургундарынын  «Ихлас» курулуш компаниясынын курулуштары мыйзамсыз дешкендери чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына компания билдирди.

Андагылар «Ихластын» көп кабаттуу үй курганга уруксаты бар деп белгилешти.

- ЖЧК «Каганат» менен А.Б. Султанов деген жарандын ортосунда 2017-жылдын 17-июлунда биргелешип иштөө тууралуу келишим түзүлгөн.

Курулуш жүрүп жаткан участканы колдонуу укугуна Султанов ээ, анткени Бишкек мэриясы менен анын ортосунда келишим түзүлгөн, - деп түшүндүрдү компаниянын өкүлү.

Андан сырткары,  ал жердин дайындалышы кудум ушул үй курууга багытталган.

- Биз бардык уруксат берүүчү долбоордук документтерди алдык - АПУ, ИТУ, өрт техникалык экспертизасынын корутундусун, Мамлекеттик экспертизанын корутундусун, - деп белгиледи алар. - 2017-жылы 29-декабрда ЖЧК «Кыргыз каганаты» курулуш иштерине уруксат алды. Курулуштун жүрүшү дайыма тийешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдө турат. Бүгүнкү күнгө чейин компания мыйзамсыз курулуш тууралуу эч жактан эч кандай эскертүү жана жобо алган жок.

Ошону менен бирге алар нааразы болгондурдун документтери туура эместигин билдиришти.

- АК «Айкөл Таза Коом» төрагасы Төлөбай Жузубалиевдин мыйзамсыз курулуш жүрүп жатат деген арызы негизсиз. Мурда жарыяланган документтер так эмес жана ката. Мыйзамсыз курулуш фактысы менен кылмыш ишин козгошкон жок, - деп аяктады компаниядагылар.

Эске салсак, мурун Vesti.kg сайты Жал кичиконушунун тургундары мыйзамсыз турак жай курулушуна каршы митингге чыккандыгын жазган эле.  Бишкектиктер арыз менен Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх