Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Тазалык» МИ кызматкерлери Рыспек Сарпашевди коррупция боюнча айыпташат

Ишкананын кызматкерлери президентке кат жазышты, катта жетекчиге чара көрүү өтүнүчү жазылган

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өздөрүнүн жетекчиси Рыспек Сарпашевге чара көрүү тууралуу өтүнүч менен президентке кайрылышты. Булактар Vesti.kg сайтына мамлекет башчыга кайрылууну таап келишти.

«Рыспек Сарпашев башкарган беш жылдын ичинде биз мыйзамсыздыкка гана дуушар болдук, ошондой эле биздин директордун оозго алгыс сөздөрү, орой мамилеси жанга батты, - деп жазышат алар». - Ишканада коррупциялык схема гүлдөп жатат, буга башкы эсепчинин катышы бар, ал начальниктин бардык каалоосун аткарат.

Кызматкерлер аларга 5 жылдан бери 13- айлыкты беришпегендиктерин айтышат. Андан сырткары 2013-жылы техникалык картаны алмаштырышкан, ага алардын айлыктары түшчү. Бирок ал ар бир эки жылда алмашышы керек эле.

Сыйлыкты бир жылда бир жолу берет жана аны айлыктан сырткары эсептешет. Ал 10 миң болот, бирок кызматкерлер колдоруна 8 миң алышат, салыктан сырткаркысы деп коюшат аны. Бирок кийинки айда ал 10 миңди айлыкка кошуп эсептешип кайрадан салыгын чыгарышат. Алтурсун оорулуунун баракчасынан да салык эсептеп алышат. Дем алууга жодомону жашоого чыгымы менен жол киресин кошуп алышат, жумушчуларга болсо 600 сомдон чогултуп алышат. Жумушчуларга зыяндуулук үчүн айына сүт, бир сүлгү жана самын берилиши керек, бирок жумушчулар муну алышпайт. МИ көптөгөн адамдар иштешет, алардын баарыныкы чогулса бул сумма эбегейсиз болот.  Бул коррупциялык схема, деп айтып беришти «Тазалыктын» кызматкерлери.

Алар айлык акы тууралуу маселе көтөрүшсө эле Сарпашев өзүн агрессивдүү көрсөтүп, уят сөздөр менен сөгүнгөндүгү тууралуу президентке арызданышты.

«Ишкананы Эсептөө палатасы текшерет, бирок эч качан эчтеке таппайт, анткени жетекчилик алар менен келишип алышат, - дешет катта. - Биз аларга кайрылалы десек, киргизишпейт. Короо шыпыргычтын иши оңой эмес, биз ысык-суукта иштейбиз, ал эми Сарпашев менен анын эсепчиси биздин үстүбүздөн акча жешет. Рыспек Сарпашев 2009-жылы ишканага директор болгон, ар түрдүү иштери үчүн 2010-жылы иштен бошотулган. Кантип кызматтан жаман иштегендиги үчүн куулган, шаардык кеңеште бир канча жолу айтылган киши кайрадан жетекчилигин уланта алат? албек Ибраимовдун шаарды башкаруу доорунда ал өзүн айрыкча эркин сезип жүрдү, Бишкек шаардык кеңеши бир да жолу анын ишин катааттандыраарлык эмес деген жок».

Эске салсак, ММКда Рыспек Сарпашевдин мурдагы вице-мэр Эркинбек Исаковдун ордуна дайындалгандыгын жазышкан эле. Бирок муниципалитеттегилер бул маалыматты ырасташкан жок.

Вероника Малышева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх