Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурунку суу жана айыл чарба министри Жумакадыр Акенеев каза болду

Кыргызстандын нефтетрейдерлер Бирикмесинин мурдагы башчысы 64 жашта эле

Белгилүү экономист, мурдагы суу жана айыл чарба министри жана Кыргызстандын нефтетрейдерлер Бирикмесинин мурдагы башчысы Жумакадыр Акенеев көз жумду.

Ал кечээ саат 18:00 жарык дүйнө менен кош айтышты деп билдиришти. Буга инфаркт себеп болгон.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы 22-январда Ысык-Көл облусунун Улахол айылында туулган. Фрунзе политехникалык институтунун инженер-экономист адистигин бүтүргөн. 1976-жылы Фрунзе ПТИ «Экономика жана курулушту уюштуруу» кафедрасында окутуучу болуп иштеп баштаган.  

1978-1983 жылдар Фрунзе аткаруу комитетинде капиталдык курулуш Башкармасы бөлүмүнүн начальниги, Кыргыз ССРнин курулуш Министрлигинде «Сельстройиндустрия» трестинде башкаруучунун орун басары болуп эмгектенген.

!983-1990 жылдары ИИИ агроөнөржай комплексинин экономикасынын негизги фондунда  бөлүм башчылык кызматты аркалаган.

1990-1992 жылдары болсо, КыргызССРинин Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык реформа боюнча Мамлекеттик комиссиянын аппаратында иштеген.

1992-1993 жылдары Кыргызстандын Белоруссиядагы СНГнын экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктуу төрагасы болгон.

1993-1997 жылдары Улуттук статистикалык комитетти башкарган, ал эми 1995 - жылы СНГ өлкөлөрүнүн статистикалык мекемелеринин жетекчиси болгон.

1997-1998 жылдары Кыргызстандын суу жана айыл чарба Министрлигинин министри болгон.

2001-2007 жылдар Улуттук мамлекеттик университетте сабак берген.
2007-2011 жылдары Түштүк Кореяда инвестициялык фонддун президенти болгон.
2011-2013 жылдары Кыргызстандын нефтетрейдерлер Бирикмесин башкарган.

Экономикалык маселер боюнча эксперт катары көп катышчу.

Vesti.kg сайтынын редакциясы Жумакадыр Асанкуловичтин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх