Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандан барган волонтер Ямалдагы Вилкицкий аралын тазалоого катышты

Союз учурунда ал жерде аскердик бөлүк болгон, бирок СССР ураган соң Вилкицкийди баары таштап чыгып кетишкен. Ал жерде азыр адам жашабайт

Кыргыз жараны Карск деңизиндеги Вилькицкий аралын тазалоого катышты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ал өзү айтып берди.

 «Славян маданиятынын борбору» АК төрагасы жана Жаш Россиялык Мекендештер коомунун жетекчиси Кыргызстандын жараны Иван Иванов Ямал-Ненец автономиялык округуна караштуу аралды башка россиялык волотерлор менен кошо таштандылардан тазалады.

- Качандыр бир кездерде ал жерде аскердик бөлүк болгон, бирок 90-жылдары таркатып жиберишкен, - дейт ал. - Ошондон бери аралда тирүү жан жок. Бирок кум салынган бочкалар, күйүүчү майлары бар цистерналар, кыймылдаткычтар ошол бойдон эле жээкте чачылып жатат. Алар айлана чөйрөнү булгап жатат. Биз, волонтерлор «цивилизациянын издери» аттуу иш чара менен ал жерлерди тазаладык.

Командабыздагы 15 киши биригип 10 тонна метал, 2100 бочка ичинде таштандысы менен, анын ичинен 800дө ГСМ болгон.

Вилькицкийди тазалоо демилгеси былтыр көтөрүлгөн, биринчи Россиянын ӨКМ кызматкерлери аралды келип изилдегени түшүшкөн.



Ал эми ушул жайда эки топ бул жерге келип жеттик. Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Израилдин волонтерлору.

- мындай маанилүү ишке салымымды кошкону бардым, - дейт Иванов.

Долбоор 5 жылга ылайыкташкан. Андан сырткары, аралда метеостанция жана корук курууга ниеттенип жатышат.

Вилькицкийди тазалоо иш чарасын Ямал-Ненец автономиялуу округунун өкмөтү уюштурган. Буга кошумча аймактар аралык «Жашыл Арктика – Green Arctic» экосоциологиялык уюм жана Арктиканы өздөштүрүү Россиялык Борбору киришкен.


Ольга Федорчук
Фото АК «Славян маданияты борбору»

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх