Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик бирөөнүн үйүн алдамчылар эки жолу сатып жиберишкен

Игорь Попенко мурасты нотариуска келип каттатайын дегенде гана үй ага тийешелүү эмес экендигин билген

Попенко ага мураска калган үйдү өзүнө жаздырып алам деп аракет кылган учурда, үй башка бирөө тарабынан сатылып кеткендигин билди. Эки жолу. Бул бүтүмдөр тууралуу Попенкого нотариус айтты.

- Августтун башында мага «Тазалыктын» кызматкери жана укук коргоочулар келишип үйдүн документтерин сурашты, - дейт ал киши Vesti.kg сайтына. - Анан эле кызыктай окуялар башталды, 2018-жылдын 10 - августунда  кварталныйга белгисиз бирөөлөр келип ал жерде жашагандыгы тууралуу справка сурашкан.
Мен бул факт боюнча 11-августта милицияга арыз жазгам.

Попенконун айтымында, ал жашаган үй анын чоң энесине таандык болгон. Ага мураска калган. Үйгө жалгыз гана Попенко катталган.  Анан кандайча болуп үйдүн сатылып кеткендигин жабырлануучу түшүнбөйт.

- 11-августта үйгө бир бала келип, эргелчектен секирип түшүп короого кирди, - деп эстейт Попенко. - Мен мен аны кууп жиберген болчум. Андан кийин мен досумдукуна кетсем, элдер үйгө киришип буюмдарды аңтарышыптыр. Анан мен документтерди чогултуп нотариуска барып каттатып алууну чечтим.

Ал жерде мага үйүмдүн сатылып кеткендигин айтышты. Бирок келишимдин үлгүсүн таба алышкан жок. Анан дароо эле бул нерсени алдамчылар кылгандыгынан түкшүмөлдөштү.

- Биз архивге барып, 2004-жылдан берки бардык келишимдерди карап чыктык, бир да реестрден тапкан жокпуз. Анан нотариус мага бул иш алдамчылардын колунан келет деп айтты. Ал эми нотариустун маалыматтарын бир гана укук коргоочулар гана ала алышат деди.

Маектешүүдө Игорь Попенко ушуга чейин ага бир да киши бул менин үйүм деп келбегендигин кошумчалады.

- Таң калыштуусу, эч ким арыз да жазган эмес. Биз УКМКга кирдик, бирок алар ишти милиция менен кошо иликтешибиз керек деп коюшту, - деп аяктады ал.

Манас Кольбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх