Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик лотерея биринчи жолу автомобиль жана он даана iPhone X смартфонун ойнотот

Оюнду ай сайын өткөрүп турууну көздөп жатышат

Мамлекеттик лотерея компаниясы билеттердин биринчи нускасын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн маалымат конференциясында ишкананын башчысы Талант Калыков билдирди.

Анын айтымында, биринчи байгелердин оюндары 31-августта саат 20:00 ЭлТР каналында болот. Байгелердин арасында 2018-жылкы Toyota Camry 70 жана он даана  iPhone X смартфондору бар.

Билеттин баасы - 100 сом. Байге фонду 5 миллион сом.

Калыков белгилеп кеткендей, оюнду ай сайын өткөрүп турууну көздөп жатышат.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Кыргызстандын аймагында жеке компанияларга лотерея ойнотууга тыюу салып койгон болчу. Эми бул ишти жалаң гана мамлекет кылат.

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх