Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттык сактоо Министрлиги Ысык-Көлдөгү суунун, кумдун жана кыртыштын тазалыгын текшерди

ДКО башталаар алдында текшерүү кафе, дүкөн жана алтургай ажатканага чейин башбакты

Саламаттык сактоо Министрлиги Көчмөндңр оюнуна тийешеси бар бардык туристтик обьектилердин санитардык абалын ойдо жок жерден текшерип баштады. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Атап айтканда коомдук тамактануучу жайлар, базарлар жана ошондой эле коомдук ажатканалар текшерүүгө алынды. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат 4635 ден соолук  ишканаларын текшерди.

Оорулардын алдын алуу аймактык борбордун  жана мамсанэпидкөзөмөл тарабынан микробиологиялык жана физикохимиялык көрсөткүчтңрдү билүү үчүн 245 жолу  иче турган сууну текшеришти. Анын арасында «Кичи-Аксуу», «Чоң-Ак суу», Булан-Сөгөт айылы жана Чолпон-Ата шаарындагы иңат майдан да бар.   Ошондой эле жээктеги кумдан 298 мерте текшерүү үчүн кыртыш алынды. 15 жолкусунда туура эмес жери табылды.

Табылган эреже бузууларга карата 578 санитардык мүнөздөмө жазылып, 278 токтом чыкты, алардын баарына 786000 сом айып пул салынды. 423 токтом убактылуу ал обьекттерди иштетпей турууга чыкты. 10 материал болсо укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бүт аймак боюнча 978 киши медициналык кароодон өттү, анткени алар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө катыша турган адамдар.
2016-жылы ДКО өткөрүп жаткан убакта тамак аштын баш аламан сатылышы маселе жараткан. ошол учурда санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылган эмес.

Ушул себептүү, КР саламаттык сактоо Министрлиги тамак аштын баш аламан сатылышына тыюу салууга эскертүү берет жана анын кесепетинен ууланып калбоого кеңеш берет, - деп белгиледи мекемедегилер.

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх