Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте студент кыз комиссиянын чогулушуна той көйнөгү менен келди (сүрөт)

ЖОЖдын ректорун жана комиссиянын мүчөлөрүн бул таң калтырган жок. Тескерисинче, кызды аябай куттукташты

ОшМУнун медициналык факультетинин экинчи курсунун студенти Айсулуу Алмазбекова бүгүнкү И.К. Ахунбаев атындагы КММАга которулушуна байланыштуу чогулуштун комиссиясына үйлөнүү үлпөтүндө кийчү көйнөк менен келди. Алардын үйлөнүү үлпөтү бүгүнкү жыйын менен дал келип калыптыр. Ал бир эле мезгилде которулуу тууралуу жана турмушка чыгуу тууралуу арыз жазды.

ЖОЖдун ректору баш болгон комиссиянын мүчөлөрү, профессор Индира Кудайбергенова аны Медакадемиянын стоматология факультетинде окууну улантуу арызын канааттандырышты жана турмушка чыкканы менен кызуу куттукташты. Ал эми КММАнын жаңы студенти Айсулуу Алмазбекова болсо, бул кош майрамды белгилөө үчүн сүйгөнү менен чогуу борбор калаанын ресторандарынын бирине кетти.

КММАнын маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх