Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн Көчмөндөр оюну учурунда дрондорго жана тик учактарга тыюу салышты?

ДКОнун Катчылыгында учуучу аппараттар эмнеси менен коркунучтуу экендигин түшүндүрүштү

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун убагында Ысык-Көл облусунун аймагында дрондорду жана тик учактарды колдонууга Башкы штаб тыюу салды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ДКОнун катчылыгы билдирди.

- Мекемедегилер бул маараке убагындагы гана убактылуу чектөө деп түшүндүрүштү. - Анткени башка өлкөлөрдө учуучу аппараттарды колдонууну атайын органдар көзөмөлдөйт. Мисалы, Россияда Аба мейкиндиги тууралуу кодексте тийешелүү пункттар бар. Биздин өлкөдө болсо муну менен Башкы штаб алектенет. Катчылыктагылар коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте болот деп билдиришти. Анткени бул мааракенин ачылышы жана жабылышына жогорку даражадагы чиновниктер келет деп түшүндүрүштү.

- Ар нерсе болуп кетиши мүмкүн. Мисалы, учуучу аппараттар жардыргычы менен болуп калышы да мүмкүн. Бирок анткени менен телекомпанияларга түз эфир алууга уруксат берилди, - деп аяктады мекемедегилер.
Эске салсак,  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Ысык-Көлдө 2-8 сентябрь күндөрү өтөт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх