Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөөнүн акыркы күнү

Салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө МСК административдик айып пул салынаарын эскертет

Бүгүн, 4-сентябрда транспорт, турак жай жана батирлер ( ишкердик менен алектенгендер үчүн эмес) үчүн төлөнүүчү салыктын убактысы өтүп баратат. Ошондой эле жер салыгынын бардык түрүнөн алынуучу салыктар.

Ушул себептүү МСК жарандарды кечке чейин үлгүрүп төлө калууга чакырат.

Салыкты банктык мекемелердин өзүнчө кассасында, төлөм кабыл алынчу терминалдарда, ошондой эле уюлдук жана интернет банкингдер аркылуу төлөөгө мүмкүн.

Өз убагында салык төлөнбөсө 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып пул каралган. Андан сырткары, салык төлөөнүн ар бир өткөн күнү үчүн пеня эсептелет.
Тагыраак маалымат алуу үчүн 194 телефонуна чалып же www.sti.gov.kg сайтынан билсеңиздер болот.

МСК маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх