Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандын байлары үйлөрүн карыларга каттата баштайт»

Эксперт депутаттын кары адамдарды кыймылсыз мүлккө төлөй турган салыктан бошотуу тууралуу сөзүнүн төркүнүн  түшүндү

Кыргызстанда кары картаңдар үчүн жетишерлик эле гумандуу салык мыйзамы бар. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына салык тармагынын эксперти Рита Карасартова бөлүштү.

түшүндүрө кетели, депутат Анвар Артыков коомчулуктун талкуусуна Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду алып чыкты. Депутат пенсионерлерди биринчи топтогу кыймылсыз мүлккө төлөнчү салыктан бошотолу деген сунуш киргизди.

«Пенсияны керектүү өлчөмгө чейин көтөрүү колдон келбей турган иш экендигин эске алып, демилгечи пенсия курагындагы адамдарды үй, дача жана башка ишкердик менен алектенгенге болбой турган биринчи топтогу кыймылсыз мүлктөрүнө салык салбоону сунуш кылат».

- Кыргызстанда ансыз деле кыймылсыз мүлккө 150 кв. метрден же батир болсо 80 кв. метрден жогору жагына гана салык төлөнөт, - деп белгиледи Карасартова. - Мен байкуш пенсионерлердин килейген хан сарайларда жашашына ишенбейм.
 
Эксперт бир пенсионер аялдын карызга 200 миң доллар бергендигин эстеди.

- Ошондо баары таң калышкан бул чоң энеде кайдан жүрүп мынча акча деп. Көрсө анын уулу бажыда иштейт экен, - деп түшүндүрдү ал. - Бул жерде да ошондой болуп жатат да. Карыларга кам көрүмүш болуп, кыймылсыз мүлктөрүн аларга каттатуу максаты.

Вероника Малышева
Сүрөт www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх