Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз милиционерлери өздөрүнүн англис тилин билгендиктери менен чет элдик конокторду таң калтырышты

ДКО мааракесине келген чет элдик конокторду жергиликтүү тартип сакчылары жагымдуу таң калтырышты

Ысык-Көл облусунун ИИБнын кызматкерлерине кырчындагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келген коноктор ар кандай суроолор менен тез-тез кайрылып жатышты. Алар милиция кызматкерлеринин англис тилинде эркин сүйлөшкөндөрүнө абдан таң калышты.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышынын алдында ЫсыкөКөл облусунун ИИБ жетекчилиги кызматкерлердин тобун Касым Тыныстанов атындагы ИМУ базасындагы 2 айлык курстарга окууга жиберишкен болчу.

Негизги максат - келген чет элдик коноктордун ар түрдүү суроолоруна даярдануу болчу, ушуга байланыштуу темалар менен маек курууга даярданышкан. Спорттук мелдештер тууралуу, кокусунан жардам көрсөтүү тууралуу сөздөрдү үйрөнүшкөн. Кайрылышканда тилмечтерди күтпөстөн эле маектешип, жардам көрсөтүп жатышты. Мунун баары оң натыйжа берди.
Ошондой кайрылгандардын бири АКШ жараны Майкл Стебл Техас штатынан келген экен, ал милиционерлердин этиканы сактоосун жана кең пейилдүүлүгүнө ыраазы болду. «Милиция кызматкерлеринин бири мага жолду көрсөттү жана англис тилинде эркин сүйлөдү. Бул эң сонун! Аябай меймандостук», - деп ыраазычылыгын билдирет Майкл.

Негизинен чет элдик көрүүчүлөр милиционерлерге бир жерге кантип жетүүнү же спорттук оюндар кай жерде өтүп жаткандыгын сурашат. Бирок кээде жоглгон буюм тууралуу да кайрылып калышат, андайда издеп таап, кайрып берип жатышты. Бул бизге жагымдуу маанай тартуулап жатты, биздин милицияга чет элдиктердин алкыш айтуусу бул өтөт жогорку баа болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун ИИБнүн маалымат кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх