Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирландиялыкты кыргыз коньягы тамшандырды

Бүгүн Кырчын капчыгайында этношаарчанын жабылышы болот. Бирок ал жерде жашоо дагы эле өз нугунда

Канча күндөн бери Кырчын капчыгайындагы этношаарчада мергенчилер, элдик маданиятты даңазалоочулар жашап жатышат. Көрө турган кызыктуу нерселер ого эле көп. Музыка, бий, аскердик оюндар, улуттук каада салттарды даңазалоо, кол өнөрчүлүк мунун баарына көз кубанат. Баарын көрүп, кармаганга да болот - чынын айтсам, кээде акчага.



Төө жана бүркүттөрдү ээси менен пирожки саткандар туристтердин жон терисин сыйрышса, кээ бир кол өнөрчүлө таптакыр эле бекер көрсөтүшүп, алтургай өз кол өнөрчүлүгү тууралуу эринбей айтып да беришет.
Ошондой уздардын бири Канышай Абдибалиева Баткен облусунун Кара-Бак айылынан. Килем токуйт экен. Ал кошунасы Бурул экөө өткөн кылымдагы көл өнөрчүлүктү көрсөтүү үчүн келишиптир.


- Мына бул тасмаларды боз үй курганда колдонушат, бирок алардын эндүүлүгү ар кандай болот, - деп түшүндүрөт Канышай апа. - Биздин ишибиз оор. Адегенде жүндөн жип ийрийбиз, андан соң кол станогунда килем токуйбуз. Муну бизге апаларыбыз, чоң энелерибиз үйрөткөн.



Бүгүнкү күндө бул аялдарды автоматиканын алмаштырганына карабастан булар өз өнөрлөрүн ташташпайт.
- Бизге килемге буйрутма беришет, көбүнчө кыздарына сеп бере тургандар алышат, - дейт ал аял. - Биз шеригим экөөбүз сүрөт ойлоп табабыз, кадимкиден башкачараак болот кээде. Оймо ошентип пайда болот да негизи.

Абдибалиеванын айтымында мындай килемди станокто токууга бир жума убакыт кетет. Токулган килемди Канышай апа сатат. Анын 19 уул неберелери бар, бирок кыз неберелери жок экен нээгедир.



Ал эми Элла, Динара жана Зульфия Жалалабаттын Казарманынан болушат экен. Алар канат чий жасашат экен, өз өнөрлөрү тууралуу маашырлана айтып беришти.

- Чийди күзүндө чогултуп кургатып коёт, - дейт Элла. Анан ар бир чийди жүнгө ороп, бири бирине да жүн менен оройт. Даяр болгон канат чийди үйдүн ичинде ашкананы жана башка бөлмөлөрдү бөлүү үчүн колдонушат. Дагы бир аталышы ашкана чий.


Кырчында базар да бар. Байыркы шаарчага окшоп, дарбазадан кире бериштен өтө алыс эмес жерде «Керней-сурнайдын» жагымдуу үндөрү жаңырат. Бул музыканы уккан ар кандай жалкоонун да бийлегиси келип кетет.



Бирок биз базарга кайталы.
Өзбекстандык Үмүт Кырчын капчыгайына жазуусу бар идиштер менен статуеткаларды алып келиптир.

- Мен бул кесип менен 30 жылдан бери алектенем, - дейт ал киши. Менин үй бүлөм да ушу менен алектенет, атам мага үйрөткөн. Азыр болсо биздин өнөрканабыз бар, ал жерде 12 киши эмгектенет. Баары эле кошуналар. Фергана өрөөнүнүн Риштан райинунун Мискин айылынын тургундарыбыз.



Кардарларды тартуу үчүн сүрөтчү соодалашууга даяр. Анын чоң сүрөт түшүрүлгөн идишин сураган баага, жанындагы текчеде турган жыгачтан жасалган идишти сунуштап жатты.


- Биз бул жерге сатуу үчүн келдик да, - деп күлөт Үмүт. - Товарды кайра алып кетпеш үчүн сатуу керек.

Абдулазиз да жыгач менен иштейт экен, бирок башкача. Ал жаңгак дарагынан кесип алып, ар түрдүү нерселерди жасайт. Чылым салган кутуча, майда-чүдө сала турган кутуча жана башка нерселерди жасайт.
- Бул дарактын катуу түрү сай салууга ыңгайлуу, - деп түшүндүрөт уста.



Ал киши жашы 15 жыл болуп калган дарактарды кыят. Анын ишкердиги үй бүлөөлүк: Абдулазизге мындай өнөрдү агасы Абдулла үйрөткөн.

- Кол өнөрчүлүг ар дайым бааланат, - дейт ал. - Азыр биздин устаканабызда 30 адам эмгектенет. Мурда Ташкентте гана иштечүбүз, эми Кыргызстанга келели деген ниетибиз бар.

Ырым жырымды колдонуучулар үчүн Ош ордо хан көтөрүү ырым жырымын көрсөтүп жатты. Ак кийизге отургузуп көтөрөт экен. Жакын жерде «бала төрөлдү» сүйүнчү! - деп кыйкырып жатышты. келген меймандарга каада салттардын баарын көрсөтүштү.


Негизги сахнада болсо биринчи күнү Улуу кыргыз дөөлөтүнүн доорун көрсөтүшкөн болчу, азыр ал жерди этникалык кыргыздар ээлешиптир. Жамааттын ортосунда Кытайдан келген «Айкөл-Манас» манасчылар тобу. Ал топту Жусуп Мамайдын небереси Тургунаалы жетектейт экен.

- Жусуп Мамай - бул улуу манасчы, - дейт биринчи акын. - Мен анын небересимин, өнөрү мага өттү. Мен маданият Министрлигинен чыгууга уруксат алдым. Мен жалгыз эмесмин, мен Жусуп Мамайдын чыныгы тукумдарын чогулттум.

тажикстандык кыргы Гүлсанам Токтосунова Токтогул Сатылгановдун небереси болбогону менен комузда укмуш ойнойт экен. Анын үй бүлөсү кылымдардан бери Тажикстанда жашашат.
 
- Бирок биз кыргызча сүйлөп, кыргыз каада салтынын баарын сатайбыз, - деп белгилеп кетти ал.



Ошондой эле казактын ат оюну, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, дүйнөлүк эпостордун фестивлы болду. Аялдар менен эркектердин ортосундагы ыр менен таймашуу «Сармерден» оюну болду. Орто кылымдардын аскер искусствосу көрсөтүлдү.



«Көчмөндөрдүн дүйнөлүк ашканасы» эл аралык конкурсу жана сан жеткис мелдештер: килем токуу, аркан эшүү, камчы өрүү, боз үй тигүү, атүгүл төшөк жыюу боюнча да жарыш болду.



Ушул эсептелгендердин ичинен этношаарчаны эмне чексиз кубанычка бөлөйт?


- Мага бул жерден көчмөн турмушту жакындан билүү жана бул маданияттын кайсы бир бөлүгүн сезүү аябай жакты, - дейт москвалык Вероника.

- Улуттук бийлер, музыка жан жыргатат. Кечээги тыгындын айынан бул жерге жетпей калганыбызды да унутуп калдым.



Ирландиядан келген Сэм өзүнүн таасирленүүсүн кеңири баяндап берди:

- Бул жердеги  мыкты нерсе - бул көчмөн элдердин фольклордун чөйрөсү болду, - деп эсептейт ал. - Улуттук кийимчен адамдар, атчандар, музыка бий, мунун баары көңүл кушун көкөлөтөт. Биз достор менен көк бөрү таймашын ат майданга барып көрдүк, шашлык, манты, палоо жедик. Коньяк ичтик. Бах… Кыргызстандын коньягынын даамы!



Бүгүн Кырчын капчыгайында этношаарчанын жабылуу аземи болот. Оттор өчүп, атчандар чаап алыстап, боз үйлөр көчүп кетет. Балким көрүп каганга үлгүрөөрсүңөр...


Ольга Федорчук
Ольга Федорчук тарткан сүрөт


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх