Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик аял баласын биринчи класска киргизүү үчүн 300 доллар кеткендигине даттанат

Өз кезегинде мектептин директору ал аялдын сөзүн таптакыр жалганга чыгарды

Жаңы окуу жылы башталбай жатып борбор калаадагы мектептерге арыздар түшө баштады. бишкектик аял Мария (аты жөнү өзгөртүлдү) Vesti.kg сайтына №95 мектеп-гимназиянын биринчи классына баласын киргизүү үчүн 300 доллар кеткендигин айтып берди.

Аялдын сөзү боюнча акча топтоо ошону менен эле токтоп калган жок. Биринчи коңгуроодон кийин ата-энелер мугалимдердин айлыгын, бор, интернет үчүн акча төлөшү керектигин билдиришти.

- Бул мектепте улуу балам окуйт деп кебин улайт биздин маектешибиз. - Ай сайын борго, кагазга, ксерокөчүрмөгө, журналга жана башка майда барат нерселерге акча алышат. Андан сырткары, биз балдарыбызга окуу китептерин өзүбүз сатып бердик. Ар бир ата-эне 2000 сомдон бердик, кана билим берүү Министрлигинин китеп менен камсыз кылабыз деген убадасы. Мамлекет бизге бир гана азбуканы берди. Ай сайын мугалимдердин айлыгына 200 сомдон топтойбуз, болбосо мектептин директору балаңдын документтерин алып кет деп коркутат.

- Мугалимдердин айлыгынын аздыгына шылтоолоп мектептин директору Анара Раатбековна бизди ай сайын 200 сомдон жыйнап берүүгө мажбур кылышат. Ата энелер нааразы болуп, бербейбиз акча десе, анда иштен бошонуп кетем, силерге университетти жаңы бүткөн практикантка келет анан деп коркутаарын айтат. - «Эгерде акчаңар жок болсо, анда окубасын» - деп айтат.

Ата-энелердин эсебинен мектепке интернет киргизмек болчу, бирок интернети дагы эле жок. Акчаны болсо берип койгонбуз.
 
- Былтыр болсо ата-энелерден интернет киргизгенге кабель алабыз деп акча топтогон, - дейт эне. - Жыйынтыгында интернет турмак таш балекет да жок. Бул жылы да интернетке ай сайын акча төлөйбүз. Биздин арабызда акча бере албай турган ата-энелер да бар.

Ал ортодо Vesti.kg сайты №95 мектеп-гимназиясынын директору Анара Акмашаева менен байланышка чыкканда, ал бул маалыматтардын баарын танып чыгып кетти.

- Эч кандай төлөмдөр жок бизде, биздин мектепте андай жок, - деп билдирди ал. - Ал эми китеп боюнча болсо, биз чынында эле окуу китептерин алган жокпуз. Бизге аларды мамлекет берет, бирок биз баарын эле алган жокпуз. Биринчи класстар үчүн бир гана азбука бар экен, калгандарын ата-энелер өздөрү алып берип жатышат. Ал эми балдардын саны жылдан жылга өсүп жатат, билим берүү Министрлиги да жетишпей калып жатат аларды камсыз кылууга. Анткени андай сандагы китептерди чыгарууга дараметтери жетпей жатат окшойт.

Андан сырткары, Анара Ратбековна мектепте интернет бардыгын, бирок аны ата-энелердин жардамысыз эле алып келишкенин кошумчалады.  

- Үч кабаттын баарында тең интернет бар, бирок буга ата-энелердин тийешеси жок. Мындай цифраны кайдан алып алышкандарын түшүнбөй турам. Мага да кызык болуп жатат. Ай сайын 200 сом деген да жок бизде. Мен бул маалыматтын кайдан пайда болгондугуна акылым жетпей турат, - дейт мектептин директору.

Мектептин директорунун сөзү боюнча, акча чогултуу фактысы боюнча арыз мурда да прокуратурага жана Бишкек мэриясынын билим берүү Башкармасына түшкөн.

- Ленин райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, бирок факт аныкталган эмес, - деп белгиледи Акмашаева.

Аягында мектепте ата-энелер менен мугалимдер мыйзамсыз акча чогултууга каршы жарлыкка кол коюшат деп кошумчалады ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх