Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

«Кыргыздар - мыкты жаачылар»

  • 707 жолу кароо

Эркектердин жана аялдардын түрк атышы боюнча таймашында орусиялыктар алтынды жеңип алышты

Бир атышта беш ок чыгаруу менен эркектер 70 метр, ал эми аялдар 60 метр аралыктан атышты. Бир тийген ок, бир упай болуп эсептелди.  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы Кырчын капчыгайында өткөн түрктөрдүн жаадан атышы боюнча мелдеши өттү.
Бул мелдеште биринчи орунду орусиялык Бурятиядан келген Олег Цыбикжапов ээледи. Ал 10 жылдан бери жумасына 4-5 ирет спорттук жана салттуу жаасын алып, машыгууга бет алат.

- Бул жерде күчтүү атаандаштар бар экен, - деп мойнуна алат ал. - Мен кыргыз атышына катышып көрөйүн дегем, бирок төртүнчү орунга араң илештим. Ошондуктан түрк атыштан жанталашып атып уттум. Эми өзүмө келип калдым.

Жеңүүчүлөрдү аныктоодо чыр чыкты:

Цыбикжапов менен Венгриялык жаачы бирдей упай алышкан. Мындай учурда кайра атышуу керек болот.

Кайра атышканда ийгилик орусиялык спортчуга жылмайды. Ошондо венгрлер Цыбикжаповдун жаасынын кармагычында нугу бар экен, бул салттуу жаанын талабына жооп бербейт деп чыгышты. Бирок калыстар бул дооматты четке кагышып, бул болбогон шылтоо деп коюшту.

- Ошентип маселе чечилди, - дейт бурят.

Анын багынткан жеңиштери абдан көп экен - былтыр ал Ульяновскиде улуттук спорттун түрүнөн фестивал болгондо биринчи орунду ээлеп , алтын алган. Ал эми өз мекени Бурятияда болсо буряттардын эң чоң майрамы Сухарбананын абсолюттук чемпиону экен.

- Кийинки дем алыш күндөрү Улан-Удеде Орусиянын кубогу өтөт жаа атуу боюнча, - деп кошумчалады ал. - Мен да ага катышайын деп жатам.

Аялдар ортосунда болсо биринчи орун Татарстандын курамасынан Татьяна Павловага тийди. Ал 7 жылдан бери атышып жүрөт, ал өзү кесипкө деле аткыч эмес:

- Мен колум бошогондо эле машыгам, - дейт спортчу кыз. - Мелдештерге гана чыгып коём. Атканда эң негизгиси тактык керек, анан жинди келтирбөө зарыл. Кончалык өзүңдү бош койсоң, ошончолук так атасың.
Павлова эң күчтүү атаандаштар кыргыздар менен украиндер экендигин мойнуна алды.

- Өзү машина айдашты механикадан үйрөнгөн сыяктуу эле, жааны да классикалык түрүнөн атып үйрөнгүлө, -  деп кеңеш берет Павлова. - Менин оюмча, бул баарынан татаал. Эгерде классиканы үйрөнсөңөр, анда калгандары жепжеңил болуп калат.

Белгилей кете турган нерсе, ошол эле командадан экинчи орунду Катерина Чернова ээледи.

- Биз бул жакка алтообуз келгенбиз, төртөөбүздүн медалдарыбыз бар азыр эле, - деп кубанат ал. - Алтын менен күмүштү түрк атыштан алдык, кыргызча атыштан да Татьяна Павлованыкы бар. 145 метрлик корейче атыштан коло алдык, аны Илья Хватков алды.

Чернова 3 жылдан бери жаа атып машыгат, бирок салттуу жаа ал үчүн жаңылык. Татарстандын курамасында эреже катары спорттук жааны гана колдонушат, анын кароолу бар.

- Бирок бул абдан кызыктуу экен, толкундоодон тамагым кургап калды, - деп сүйүнөт ал. Байге үчүн чыныгы күрөш. Мен жана Украина менен якутиянын аткычтары бирдей атып калып, кайра атышып атабыз.

Жыйынтыгында мен экинчи, украиналык үчүнчү орунду ээледик.

Айтмакчы, кайра атышып жатканда украиналык аткыч чыдабастык кылып, бутаны дүрбүдөн карап алып атып, атаандаштарын нааразы кылды.

- Эмнеге сен мындай чыдабастык кыласың? Баары жөн эле атып атса, сен дүрбү менен карап аттың.
- Мени апам ушундай кылып төрөгөн…
- А мени болсо чыдабастарга жини келе турган кылып төрөгөн апам...

Бирок, катышуучулардын бири түшүндүрүп бергендей, жини келген спортчу эреже бузуп, утулууга дуушар болот.

Жаачылар кыргыздардын, түрктөрдүн жана корейлердин эрежеси менен атууга макул болушту. Түрктүкү - 60-70 метр, КР салбуурун Федерациясы болсо 30-40 метрге уруксат берди. Ал эи Түштүк Корея спортчуларга 145 метрден бутага атууну талап кылат.  

Ольга Федорчук
Ольга Федорчуктун тарткан сүрөттөрү

Ой-пикир кошуңуз


Наверх