Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну: кандай болду (сүрөт)

Маданий-спорттук иш чара Vesti.kg сайтынын журналистинин көзү менен

Өткөн ишембиде масштабдуу маданий-спорттук иш чара жыйынтыкталды. Vesti.kg сайты зор фестивалдын талаасында тартууга мүмкүн болгон кадрлары менен бөлүшөт.

Оюндар 2-8 сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өттү. Спорттук таймаштар ден соолукту чыңдоо комплексинде жана Чолпон-Атага жакын жердеги Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өттү. Кырчын капчыгайында этномаданий шаарча жайгашкан, ал жерде концерттик программаларды жана спорттук таймаштарды көрүүгө мүмкүн болчу.

ДКО уюштурууга 303 миллион сом корогон, ал эми жалпы байге фонду 28 миллион сомду түздү. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 74 мамлекеттин 1 миң 986 спортчулары катышты. Россия Федерациясынын 12 субьектисинен спортчулар келди. Алар 37 спорттун түрүнөн 594 медал утуп алышты.

Жалпы эсептен 101 медаль менен Кыргызстан лидер болду. Анын артынан Казакстан(72), Россия (65), Түркмөнстан жана Өзбекстан (33).

Ольга Федорчук
Ольга Федорчуктун тарткан сүрөттөрү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх