Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айлыктын ордуна эскирген азык түлүктөрдү алууга мажбурлашты

«Чабрец» компаниясынын жумушчулары жетекчиликтин үстүнөн арызданышат. Кайрылуу прокуратурага, ЭКККМК жана башка органдарга жөнөтүлдү

Омбудсмен Институтуна бишкектик аял Ч.Б. арызданат, ЖЧК «Чабрец агрофирма» алардын эмгек укуктарын бузуп жатат.

Ч.Б. өз арызында 2018-жылдын май айынан бери ЖЧК «Чабрец» фирмасынын сүт өнүмдөрүн чыгарган жеринде иштегендигин жазат. Анын күйөөсү да ушул эле ишкананын кароолчулугунда иштеген.

Учурда Ч.Б. жана күйөөсү Ж.А. иштен бошотулушкан, бирок жетекчилик алардын ушул күнгө чейин айлык акыларын бербейт. Май, июнь айлары үчүн эмгек акыларын алыша элек. Каржылык кыйынчылыктарга шылтап бербей келишет. Ушуга байланыштуу аларга азык түлүк түрүндө алгыла деп мажбурлашкан, алары болсо капкачан мөөнөтү бүтүп эскирип калган тамактар.

Омбудсмен Институтут бул арызды окуп көрүп, Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасына жөнөттү.

 

Омбудсмендин маалымат кызматы
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх