Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги мектептин директорун паракорлук боюнча айыптап, кызматтан бошотушту

№95 гимназиянын окуучуларынын ата энелери директордун артынан  калган мугалимдер да иштен бошоп кетебиз деп жатышкандыктарын билдиришти. Билим берүү Министрлигиндегилер кырдаалды түшүндүрүштү

Бишкектин №95 мектеп-гимназиясынын директору Анара Акмашаева кызматтан бошогондугуна байланыштуу, анын артынан калган окутуучулардын курамы да кетебиз деп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окуучулардын ата энелери билдиришти.

- Окуу жылы башталбай жатып ушундай кырдаал түзүлдү. Бардык мугалимдер аны менен бирге кетебиз деп жатышат, - дешет ата энелер.

Vesti.kg сайты мэриянын билим берүү Башкармалыгынын начальнигинин орун басары Наталья Никифорова менен байланышканда, аталган мектептин окутуучулары өз ордунда иштеп жатышкандыгын айтты.
 
- Ротация жүргүзүлдү, - деп түшүндүрдү Наталья Васильевна.  - Анара Ратбековна башка мектепке которулду. Бардык мугалимдер өз ордунда иштеп жатышат. Билим берүү Башкармасынын начальниги  ошол жерде азыр. Ата энелер менен маектешүү жүрүп жатат.

Эске салсак, №95 мектеп-гимназиянын директору Анара Акмашаева мекемедеги акча чогултуу жаңжалына аралашкан эле. Окуучулардын ата энелери Vesti.kg сайтына Акмашаеванын биринчи класстын окуучусу үчүн 300 доллар сурагандыгын айтышкан болчу.  

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх