Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин №95 мектебиндеги жаңжал: Мугалимдер иш таштоо кылып жүргөн учурда, балдар карта ойноп жатышат (Сүрөт)

Окуучулардын ата энелеринин сөзү боюнча, гимназияда мугалимдер эки күндөн бери сабак өтүшпөйт

Бишкектин №95 гимназиясында жаңжал күч алып баратат. Окуучулардын ата энелеринин билдиришинче мугалимдер директор Анара Акмашаеванын башка мектепке которулганына каршылык акциясын өткөрүп жатышат.

Окуучулар бул мезгилде карта ойноо менен убакыт өткөрүп жатышат.



Бишкектин тургуну Назик Анарбекова бекер отурган окуучулардын сүрөтүн таркаткан, бүгүн болсо мектеп-гимназиянын окутуучу курамы кайдадыр кеткен. Сабак эки күндөн бери өтүлбөйт.

- Мектепте башаламандык, мугалимдер каршылык акциясын өткөрүүдө, ал эми билим берүү Департаменти болсо булардын баарын жаап жашырат, - дейт ал.

Бишкек мэриясынын билим берүү Башкармасы Vesti.kg сайты комментарий үчүн кайрылганда дайыма жеткиликсиз болуп жатты.

Эске сала кетели, кечээ паракорлукка айыпталып жаткан №95 мектеп-гимназиясынын директору Анара Акмашаеванын №40 мектепке которулгандыгы белгилүү болду.

Гимназиянын мугалимдери ротацияга каршы нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

Ал арада Бишкек мэриясынын билим берүү Башкармасы Vesti.kg сайтына аталган мекеме штаттык режимде иштеп жаткандыгын жана мугалимдердин өз ордунда экендигин билдирди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх