Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көчөдө аялдарга тийишүүгө КР мыйзамы тыюу салат, бирок кыргызстандык аялдардын буга байланыштуу арызы сейрек кездешет

Кыздардын дарегине болгон кемсинтүү белгилери иш жүзүндө эмне үчүн жоопкерчиликсиз калаарын юристтер түшүндүрүп беришти

Кыргызстандык ар бир эле аял аны кантип кемсинтишкендери тууралуу айтып беришет, угуп отурсаң ал үчүн айткан адамдын тилин кесип салгың келет. Эреже катары, мындай учурда унчукпай кутулуу керек. Ашып барса - жакын адамдары менен талкуулоого болот. Бирок мыйзам ар бир эле жаранды коргой бербейби? Ал эми, дене жана руханий бүтүндүгүнө кол салуу - коопсуздукту бузуу эмеспи?

«Вигенс» Укуктук борбордун директору Владимир Плужниктин Vesti.kg сайтына түшүндүргөнүндөй, ызалоочу белгилер үчүн жоопкерчилик каралган беренелер бар.
«Биздин өлкөнүн мыйзамы боюнча майда бейбаштык, коомдук жайда сөгүнүү, кемсинтип тийишүү жана башка ушуга окшогон коомдук тартипти бузуу 364-беренеге туура келет административдик жоопкерчилик Кодексиндеги «Майда бейбаштык» беренеси», - деп түшүндүрдү ал.

Берене 1 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөө түрүндөгү административдик жазаны карайт, же болбосо 5 күндүк камакка алынып, 8 сааттан жумуш кылат.
Айтмакчы, балдарга жасаган ушундай эле мамиле үчүн ата энелерине же алардын ордундагы адамдарга 1000 сомго чейинки айып пул салынат.

- Бирок, биз мындан катаал мыйзам киргизүү эч нерсе алып келбейт, анткени ушул берене менен деле айыпка жыгылгандар аз деп эсептейбиз, - деп белгилейт Плужник. - Көбүнчө жабырлануучу арыз жазбайт.

Баш прокурордун мурдагы жардамчысы, юстициянын эс алуудагы генерал-майору Кубатбек Кожоналиев көчөдөгү кемсинтүүгө арыздын аздыгы - өз чындыгына ишенбөөчүлүктүн кесепети деп эсептейт. Тийишкенин кантип далилдейт, тиги болсо капкачан кетип калган болсо.

- Ушунун эле мисалында башка кылмыштарды да учурунда кармап кала албай жатабыз,- дейт ал. - Ким, кай жерде жана кантип. Кытайда көчөдөгү адамды таануу системасын киргизген. Бизде болсо көчөнү жарык кыла албай жатышат.

Шаардын көчөлөрүндөгү кишилерди бир жума мурунку архиви менен видеого тартууну жөнгө салса, жеке кемсинтүүгө каршы ишке жардам бермек.

- Ачыктык - бул пайдалуу курал, бирок көбүнчө биз аны баалабайбыз, - дейт генерал-майор. - Тармактарда көп байкайбыз, адамдар жеке эрежелерди бузушат. Бул учурда коомчулук билет, иш алга жылат.

Ошондой эле Кожоналиевдин ою боюнча, муниципалдык милиция түзүү көп пайда алып келмек.

- Ошол аймактын тургундары тарабынан шайланган «Элдик шериф» болсо жакшы, ал өзүнүн жетекчилигине жооп бербей, өзүнүн коңшуларынын алдында жооп бермек, - деп эсептейт ал.

Бир нече күн мурун Интернетте аткаруучу Зере "Кыз"  клиби пайда болду. Ал кыз видеотасманы өзүнүн YouTube-каналында жарыя кылган.

Көптөрү анын кадамын эрдик катары баалашты, анткени ал дүйнөгө өзүн жарым жылаңач абалды тааныштырды.

Зере ырында кыздарды өз көлөкөсүнөн коркпоого чакырат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх