Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү Башкармалыгы балдарды күчтөп башка мектепке которуп жатат деген сөздү четке какты

Бишкек мэриясынын сөзү боюнча, бул болгону министрдин сунушу болгон

Борбор шаардын №12 окуу-тарбия комплексинин окуучуларын «Чыгыш-5» кичи конушундагы №53 мектепке которушпайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги Сауле Мейрманова билдирди.

- Эч кимди эч жакка которбойт, - деп жооп берди ал. 12 жана 53 мектептерди бириктирди. Ал эми жакшы шарттары тууралуу - мен билбейм алар эмне тууралуу айтып жатышкандарын. №53 мектепке ремонт кылынган, ата энелер дагы эмнени талап кылышат?

Башкармалыктын начальнигинин сөзү боюнча, Көк-Жардагы мектептин ачылышы менен көпчүлүк окуучулар ошол жакка өтүп кетишкен, анткени үйлөрүнө жакын ал мектеп. Ошондуктан №53 мектепте бала жетишпей жаткан болчу. Ушуга байланыштуу билим берүү министри Гульмира Кудайбердиева №12 мектептин бир аз бөлүгүн алууну сунуштаган. 

- Мындай практика болуп келген, бар, - деп түшүндүрдү Мейрманова. Имараттарды теңешелеп пайдалануу максатында ушуга барганбыз.

Ал ата энелердин өз укугу балдарын кайда окутушса, келе турган болушса орундун жетишпегендигине карабай алууга туура келет. 

- Бирок азырынча №12 гимназиянын окуучуларын эч жакка которо элек, - деп тынчтандырды башкарманын начальниги. - Азыр ордо калаада 97 мектеп штаттык режимде иштеп жатат.

Бир нече күн мурун бишкектик Валентина Лымарева билим берүү Министирлигине "балдардын эркине каршы" чечим чыгарбоо талабы менен сураныч уюштурган болчу.

Мурдараак билим берүү Министрлиги толуп калган №12, 61, 29 мектептерди аларга салыштырмалуу бошураак №53, 14, 39 мектептерге окуучуларды бөлүүгө сунуш кылышкан. Борбор шаардын мектептери бир жарым эсеге ашыкча болуп толуп калды.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх