Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Айтматовду урматтоо менен бирге, аны Шекспирге салыштыруу - аша чапкандык»

Биздин чыгаан жазуучубузду дүйнөлүк классиктердин катарына коюуга болобу?

Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк классиканын Лев Толстой, Уильям Шекспир, Эрнест Хемингуей сыяктуу лөктөрү менен катар турат. Бул тууралуу илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Өз кезегинде тарыхчы, профессор Айнура Арзыматова Vesti.kg сайты ага комментарий үчүн кайрылганда депутаттын айткандарын эмоционалдык деп атады. Айтматовдун кадырын төмөн түшүрбөй туруп, Уильям Шекспир менен Чыңгыз Айтматовдун деңгээлдери эки башка деди.

- Биз Чыңгыз Төрөкуловичти сыйлайбыз, анын чыгармаларын сүйөбүз, бирок аны Шекспир менен салыштыруу аша чапкандук, - деп комментарий берди ал.
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев жогоруда эсептелген авторлордун стилдери ар түрдүү. Аларды бири бирине салыштырсак болбой калат дейт.

- Баардык ушул жазуучуларды бири бирине салыштырууга болбойт, бирок Чыңгыз Айтматовдун алдыңкы сапта тураары шексиз деди драматург Vesti.kg сайтына. Бирок ар биринин өзүнчө багыты бар жазуучулар

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх