Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кичинекей манасчы жападан жалгыз жол жээгинде эс мас абалга кирип кетти (видео)

Кокустан күбө болгон адам тартып алган видео кыргыз интернет колдонуучуларын багындырып алды

«Манас» эпосун аткаруучу кичинекей манасчы өткөн кеткендерге көңүл бурбай эс мас абалга түшүп кыргызстандыктарды таң калтырды. Мындай таң калыштуу видеону «Кыргыз Өңү» деген фейсбук колдонуучу жарыя кылды.

Тасманын каарманы - мектеп баштыкчасын артынган кичинекей бала. Кичинекей дөңсөөгө отуруп алып эс мас абалга кирип кеткен.

Кийинчерээк автор ал балага жакын келди. Жаш манасчы Жумагулдун небереси Арсенмин деп тааныштырды.

Арсен чоңойгондо манасчы болуп, өлкөдөн жаман адамдарды кууп чыгам деди.

- Кытайлар жаман адамдар. Чоңойгондо Кыргызстанга жаман адамдар келсе кууп чыгарам, - деп олуттуу жооп берди бала.

Бул укмуштуу видеонун кайда жана качан тартылгандыгы тууралуу автор эч нерсе айтпайт.

Манас Кольбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх