Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жол белгилери тажрыйбалуу айдоочунун да башын айлантат (видео)

Социалдык сурамжылоолор көрсөткөндөй көпчүлүк айдоочулар жол кыймылындагы жөнөкөй эле белгилерди билбейт

«Ынтымак» аймактык телевидениесинин журналисттери социалдык сурамжылоо кылганда көпчүлүк эле айдоочулардын жол белгилерин билбей тургандыгы аныкталды.

Сурамжылоонун жүрүшүндө бир гана айдоочу бардык суроолорго жооп бере алды.

30 жыл ролдо отурган тажрыйбалуу айдоочунун негизги жолду билдире турган белгини билбегендиги бизди өзгөчө көңүл бурдурду.

Белгилүү болгондой, сурамжылоо Кыргызстандын түштүгүндө жүргүзүлгөн.

Статистика боюнча, күн сайын жол кырсыгынан 3 Кыргызстандын жараны өлүп турат. Негизги себеби болуп жол кыймылынын эрежесин бузуу саналат. Жол эрежесин билбөө жана айдоочулардын ортосундагы маданияттын жоктугу кеңири орун алган.

Манас Кольбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх