Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекетик дин комиссиясынын мурдагы башчысы теңирчилик тууралуу: Эгерде өздөрүн өрттөгүлөрү келсе - ал алардын укугу

Эски ишенимдин тарапкерлери Кыргызстанда алардын динин каттабаса өздөрүн курмандыкка чалууга даяр

«Манас Ордо» мамлекеттик эмес уюму эмне үчүн теңирчиликти дин катары каттону талап кылып жатканы түшүнүксүз, андан көрө башка нерсе менен алектенген коомдук уюм боло бербейби. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына Мамлекеттик дин комиссиясынын мурдагы башчысы орозбек Молдалиев бөлүштү.

- Мен комиссиянын директору болуп турганда «Манас Ордонун» башчысы Анарбек Усупбаевге теңирчиликти дин катары каттабайт деп айткам, - деди ал. - Бирок биз кийин чыгып комплекстүү экспертиза  кылууну демилгеледик. Ага дин таануучулар, теологдор катышты. Окумуштуулар бул дин эмес деген тыянак чыгарышты. ал эми эксперттердин корутундусусуз мамлекеттик комиссия каттай албайт.

Орозбек Абдысаламович түшүндүргөндөй, теңирчилик кыргыздардын дини, муну Василий Бартольддун эмгектерине таянып айтабыз.

- Ооба, ал байыркы кыргыздар теңирчилик ишениминде болгон деп жазган, - деп түшүндүрдү ал. - Исламга чейинки көп элдер ушуга окшогон ишенимде болушкан. Ошондуктан бул динди кыргыздардыкы деп айтууга болбойт. Мурунку заманда Бардык элдер идолго, табият күчтөрүнө сыйынышкан. Анарбек Усупбаев бийликти жана Мамлекеттик дин комиссиясын коркутсун, өлөм дебестен. Эгерде ал өзүн өзү өрттөсө, ал анын укугу.

Түшүндүрө кетели, «Манас Ордо» мамлекеттик эмес уюмдун башчысы Анарбек Усупбаев маалымат жыйынында эгерде мамлекеттик дин комиссиясы теңирчиликти дин катары каттабаса өзүн өзү өрттөөрүн билдирген.
«Биз ИИМ арыз жаздык Мамлекеттик дин комиссиясынын башчысы Заирбек Эргешов соттун чечимин аткарбай жатат. 2016-жылы эле райондор аралык сот теңирчиликти дин катары каттоо тууралуу токтом чыгарган», - деген Усупбаевдин сөздөрүн ММК басып чыкты.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх