Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер автомобиль газы үчүн узун кезек күтүшөт (видео)

Нефтетрейдерлер Бирикмеси «көгүлтүр оттун» качан келээрин билдиришти

Бишкектиктер автомобиль газынын таңсыктыгына нааразы болушат. Окурманыбыз Vesti.kg сайтына видео жөнөткөн, анда май куйуучу жайда узун кезекте тургандарды көрүүгө болот.

«Алтымыштай машина турат, дагы келип кошулуп жатышат. Шаар боюнча газ жок. Бир гана май куйуучу жайда газ бар экен. Газ толтуруу үчүн бир нече саат турууга туура келет», - деп айтат автор.  

Ал ортодо Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер Бирикмесинин аткаруучу директору Канат Эшатов Vesti.kg сайтына бүгүнкүгө газ жетет деп билдирди.

- Бул жетишсиздик бир нече себептерден улам болду: «Джунда» заводу бир айдан ашык убакыт ремонтто турду, ал учурда Орусиядан алып келүү маселеси чечилип жаткан, - деп түшүндүрдү ал. «Джунда» жакынкы убактарда иштеп калат. Ал эми импорт газ Кыргызстанга жөнөп жатат Орусиядан. 3-4 күндүн ичинде маселе чечилет.

Канат Советбекович бул кризис баага таасирин тийгизбейт деп кошумчалады.

- Газдын баасы өспөйт деп сөз берем. Акыркы кымбаттоолор 30-40 тыйындын тегерегинде гана болду, - деп эскертти ал.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх