Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз темир жолу» мурункудай эле белети жок жүргүнчүлөрдү ташыйт (видео)

Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери кайрадан президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты

«Кыргыз темир жолунун» коштоочулары мурункудай эле белетсиз жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына  КТЖ кызматкери Алия Асанбаева билдирди.
Анын айтымында, мекеменин башкы директорун алмаштырышканына карабастан мыйзам бузуу уланып жатат.

Асанбаева Vesti.kg сайтынын редакциясына видео алып келди, анда Москва - Бишкек каттамынын белетсиз жүргүнчүлөрү көрсөтүлгөн.

Ушул жылдын 21-октябрында тартылган видеотасмада коштоочу бир аял жана эркек менен сүйлөшүп жатат, алар поезддин начальниги Эркинай Жыргалбекова аларга белетсиз кете берүүгө уруксат бергендигин айтып жатышат



Аягында Алия Асанбекова президентке видеокайрылуу жасаган, мамлекеттик ишкананын башкы директорунун алмашкандыгына карабастан бүгүнкү күндө мекемеде башаламандык уланып жаткандыгын айтты.

Эске салсак, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкерлери мурда мамлекет башчыга мекемедеги коррупцияга каршы чара көрүүсүн суранып кайрылышкан.

Андан сырткары, Жогорку Кеңеште бул мамлекеттик ишканадагы мыйзам бузуулар тууралуу бир нече ирет айтылган. Депутаттар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаевдин иштен кетүүсүн талап кылышкан.
1-октябрда Ногойбаев кызматтан бошотулган. Анын ордуна Канатбек Абдыкеримов келген.

Мурда белгилүү болгондой, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн транспорт прокуратурасы тарабынан КР КК 173 жана221-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.  

Манас Кольбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх