Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эми бизде эки «Мисс Кыргызстан» бар. Элдер болсо сулуулар кароо сынагына күлүп жатышат

Өлкөнүн негизги сулуусу наамы эмне берет жана ал наам эмнеге барксыз болуп калды? Бул индустриянын өкүлдөрүнүн пикирлери...

Кечээ Бишкекте өлкөнүнэң сулуу кызын тандап алышты. «Мисс Кыргызстан 2018» наамын алган кыз 21 жаштагы Элмира Бурунбаева.

Ушундай эле аталыштагы кароо-сынак мындан 10 күн мурун да өткөн болчу. Ушул быйылкы жылдын 5-ноябрында кароо-сынактын жеңүүчүсү деп 22 жаштагы Айжан Жеңишова табылган эле.

Жыйынтыгында ушул учурда биздин бирдей наамы бар эки негизги сулуубуз бар.

Кыргызстанда сулуулардын кароо-сынагы өтө маанилүү. «Мисс Кыргызстан» же «Мисс Бишкек» дегендерди бир канча ишканалар өткөрөт, кээде өздөрүн жеңүүчү кылып алышат. Мунун баары убакыт өткөн сайын жарандардын бүйүрүн кызытчу болду, ал эми наамдын болсо бир аз баркы кете түштү.  

Ошондой сулуулардын кароо-сынагын өткөрүүнү уюштуруучу Рыскүл Намазбекова Vesti.kg сайты менен болгон маегинде кыргызстандыктар бул иш чарага күлө баштагшандыктарын моюнга алды.

- Бул жаатта 10 жылданбери эмгектенем, деп белгилейт ал. - Элдер олутту көз караш менен карабай калышты, алтурсун кемсинте башташты. Өлкөдө эки сулууңар барбы дешет, бири мисс болсо, экинчиси вице-мисс экен да дешет. Бул кароо сынактын 5 жыл мурун белгилүү бир макамы бар болчу. «Мисс» деген наам моделдик карьерага түрткү берчү, ири фирмаларга же компаниялар менен келишим түзүшчү. Ооба, бизнес коммерциялык. Бирок биз кыздарыбызды эл аралык кароо-сынактарга жөнөтүп жатпайбызбы Кыргызстанды таанытыш үчүн.

Кечээ өткөн «Мисс Кыргызстан 2018» кароо сынагы расмий түрдө маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин уюштуруучулары тарабынан биринчи деп билдирилген. Бирок, Намазбекованын айтымында, ал андай эмес, анткени лицензияны сатып алуулары толук мүмкүн.

- 2013-2015 жылдары биз сулуулардын кароо сынагын өткөрүп калдык, Кыргыз өкмөтү, маданият Министрлиги, Бишкек мэриясы, аялдар Конгресси баары колдошкон, - дейт ал. - Ал да расмий түрдө болгон. Кечээги иш чараны өткөргөн компания маданият Министрлиги менен биргеликте «Мисс Кыргызтанды» биринчи жолу өткөрүп жатат. Ушуга байланыштуу өткөн кароо сынакты расмий деп атоого болбойт. Андай макам аларда мурдатан иштеп жүрүшсө болмок. Мисалы, «Мисс Россия» - расмий кароо сынак. Ал жерде 20 жылдан бери бир гана уюштуруучу иштеп келе жатат. «Дүйнө сулуусу» лицензиясы 1000 же 2000 евро турат. Анан ал нерсе расмий иш чара өткөргөнгө уруксат берет деп  эч жерде жазылган эмес.

Иш чараны алып баруучу Кайрат Мусаев да бул сулуулар сынагын кадимки эле деди. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал уюштуруучулардын тажрыйбасыздыгын айтты.

- Маданият Министрлигинин колдоосун алуу беш секунддук иш экендиги эч кимге сыр деле эмес, - дейт ал. - Бардык эле иш чараны уюштуруп жана ушул мекеменин колдоосу менен деп жазып коюуга болот. Министрлик эмне берет? Эчтеке! Балким аппаратура береттир, мүмкүн герби бар мөөр береттир. Болгону ошол эле.  Өткөн кароо сынакты баалабайм, бирок ал жактын боткосу чыгып калды. Командада тажрыйбалуу балдар жок.

Мусаевдин ою боюнча, Кыргызстанга «мисс» деген наам эмне берээрин алар өздөрүда билишпейт.

- Ал эми анын баркы кетти деген сөз боюнча айтаарым, ал мурда деле баркы жок болчу, - дейт ал. - «Мисс Кыргызстан» деген наам катышуучуларга эмне берээрин алар өздөрү да билишпейт чамасы. Өзүн өзү сүйүү, калп көкөлөтүү пайда болот. Менимче, ошол сахнадан бир эки жолу өткөндө психологиялык жабырлануудан айыгышат окшойт. Бул кароо сынактардын пайда жана зыян жактары бар.

Белгилей кетели, көбүнчө эле ушундай сулуулар кароо сынагы жаңжал менен аяктайт. Катышуучулар көбүнчө уюштуруучуларды эреже катары алдамчылыкка жана паракорлукка айыпташат.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www  



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх