Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөлүк Аялдардын Ишкердик Күнү Кыргызстандын төрт шаарында өтөт

Айымдар иште: Дем бер! Колдо! Майрамда!

Кыргызстан бүткүл дүйнөдө 19-ноябрда белгиленүүчү Аялдардын Ишкердик Күнүн «Women's
Entrepreneurship Day» майрамдоого кошулат. Өлкөнүн төрт шаарында: Бишкекте, Ошто,
Караколдо жана Кара-Балтада 16-ноябрдан 23-ноябрга чейин БУУӨП (ПРООН) колдоосу менен
ийгиликтүү ишкер-айымдардын катышуусу менен иш-чаралар өтөт.

Аялдардын Ишкердик Күнүн майрамдоонун негизги идеясы болуп аялдардын лидерлигин,
жашоонун экономикалык деңгээлин жогорулатууну, ошондой эле Кыргызстандын аялдарынын
жана кыздарынын руханий, жеке жана кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана өнүктүрүү саналат.

«Women's Entrepreneurship Day» глобалдык демилгеси бүткүл дүйнөдөгү аялдардын укуктарын
жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жана жыл сайын Бириккен Улуттар Уюмунун
эгидасынын алдында 144 өлкөдө белгиленет. Ишкердик Күнүнүн алкагында демилгеленип
жаткан иш-чаралар келечекте аялдарга экономиканы өнүктүрүү жана чечим кабыл алуу
процесстерине катышууга мүмкүндүк берүүчү лидер-аялдар, новаторлор жана ишкерлер коомун
түзөт.

«Дүйнөлүк Аялдардын Ишкердик Күнү – көп учурларда көмүскөдө калып жаткан аялдардын
жетишкендиктерин белгилөө гана эмес, ошондой эле талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана
таанышуу үчүн аянтча түзүү. Бул күн бардык айымдарга арналат, анткени ар бир айым күн
сайын кандайдыр бир аракеттерди кылат, чараларды көрөт. Биз үчүн бул бири бирине жардам
бере ала турган аялдардын ортосундагы диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгү. Биз аялдардын
тилектештиги, биримдиги, өз ара жардам берүүсү жана колдоосу үчүн чыгуудабыз. Тилекке
каршы жаратман-аял үчүн тийиштүү көңүл бурулбай келет жана биздин коомдо аялдардын ролу
жетиштүү деңгээлде бааланбайт, а бирок аял өзү үчүн, үй-бүлөсү үчүн, кийинки муунду
тарбиялоо үчүн чоң жоопкерчилик тартууда. Аялдын ийгилиги – өз мекенинин ийгилиги.
Биздин жумшаган күч-аракетибиз жергиликтүү коомдун деңгээлинде да, ошондой эле бүткүл
өлкөнүн деңгээлинде да аялдардын ишкердигин илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөм», —
деди «Курак» коомдук бирикмесинин төрайымы Айжан Чыныбаева.

«Курак» бирикмеси Кыргызстандагы Ишкердик Күнүнө карата бир катар иш-чаралардын
уюштуруучусу. Бирикмеге ар кандай: экономика, саясат, маданият жана искусство жааттарында
ийгиликке жетишкен лидер-айымдар кирет. Бирикменин мүчөсү жана ишкер Айнура Сагынбаева Дүйнөлүк
Аялдардын Ишкердик Күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси. Ишкердиктен тышкары «Курактын»
катышуучулары коомдук иштер менен алек болушат жана өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуп келишүүдө.
2011-жылдан тартып «Курак» Форуму идеяга, шыктандырууга жана кеңештерге муктаж болгон адамдар
үчүн үзгүлтүксүз мастер-класстарды жана маданий иш-чараларды өткөрүп келүүдө.

Аялдардын Ишкердик Күнүнө карата биринчи иш-чара 16-ноябрда Бишкек шаарындагы
«Фрунзе» ресторанында 200дөн ашуун коноктун, ишмердиктин ар кандай тармагынан спикер-
дем берүүчүлөрдүн катышуусу менен өтөт. Иш-чарага Казакстандан - «Made in KZ» музыкалык
топ чакырылган. Салтанаттын жүрүшүндө өз ишинде ийгиликке жетишкен айымдарга
сыйлыктарды жана сертификаттарды тапшыруу аземи да өткөрүлөт. Билеттерди сатуудан
түшкөн каражаттар айымдардын демилгелерин колдоо үчүн стипендияларга жана гранттарга
багытталат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх