Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда эшектер азайып кетти. Эксперт себебин айтты

Бир нече жылдын ичинде эле алардын саны эки эсеге азайып кеткен

Кыргызстандагы эшектердин санынын азайышы алардын терисинин Кытайга экспорттогондугуна байланыштуу. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына айыл чарба жаатынын эксперти Улан Адамалиев билдирди.

- Мурда эшектердин баасы арзан болчу, аларды унаа катары гана колдонушчу, - деп белгилейт ал. Анан эле алардын терисин КЭРге алып чыгып сатышып, эттерин болсо, жол курулушунда иштеген кытайлар жей башташты. Ошентип эшектин саны кескин кыскарууга дуушар болду.

Адаммалиев эшектерди эч ким кадырлап багып, башка мал сыяктуу көбөйткөн деле эмес экендигин түшүндүрдү.

- Үй жаныбарларынын катарында эшек эң акыркы орунда турат. Ал атка окшоп көп жүк көтөрө албайт, ошондуктан ал бааланбайт, - дейт эксперт.

Түшүндүрө кетели, Улуттук сатистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда эшектин саны эки эседен да азайып кеткен. 2012-жылы 75 миң эшек бар болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 20 миңге да жетпей калды.

Вероника Малышева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх