Ушул окуяны окугандан кийин сиздердин кыргыз трансгендерлерине болгон мамилеңиз өзгөрдүбү?
Бишкектик трансгендер аны 5-классында кантип зордуктап салышкандарын айтып берди
«Лола» өзүнүн кантип сойку болуп калганын жана милициялардын мыйзамсыз иштери тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда дүйнөнүн көп башка өлкөлөрүндөй эле ЛГБТ өкүлдөрүнүн моралдык жана физикалык жактан кысымга алынган учурлар көп эле учурайт.
Кыргызстандык бачабаздар, лесбиянкалар жана трансгендерлер коомдун кысымына туруштук берип жашап жатышат.
Кыргызстандагы жашоонун кыйындыгын социалдык тармакта трансгендер Лола ачык айтып берди - ал кыз эркек болуп төрөлүп калган.
Лола балалык чагында өзүн кызмын деп эсептечү. Мектепте аны бир гана балдар эмес, мугалимдер да кысымга алышчу.
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды.)
«Мен Бишкек шаарында туулгам. Мен бала кезимде кыз болгум келгендигимди түшүнчүм. 5 жашымдан баштап кыздын көйнөгүн кийип, бир гана кыздар менен ойночумун, ал эми 2-классымда бир баланы сүйүп калдым. Мен ал тууралуу кыялданып, ага кыз экендигимди далилдегим келчү. Бирок ал бала башка кызды сүйчү, ал кыз тууралуу сүйлөсө мен оңтойсуз болчумун. Мен ага өз сезимимди билдире албай, жалаң гана кыяданчумун.
3-классымда менде коркунучтуу өзгөрүүлөр боло баштады. Мени мектепте баары жаман көрө башташты, мага ат коюшуп, жиниме тийе башташты. Мени сабап, эч кимиси сүйлөшпөй койгон күндөр да болду. Мугалимдер болсо мени класстын алдында урушканды адат кылып алышты, алар мени эркек болуп туруп, кызга окшоп жүрөсүң дешчү. Мен бул тууралуу эч кимге айта алчу эмесмин, анткени менде дос да, курбу да жок болчу. Апама айтып сарсанаа кылгым келбеди, анткени ал ооруп бир нече жолу операция болгон. Үйдө болсо араң жашачубуз, кийимди айтпай эле коёюн, на да болбой калчу. Мугалимдер болсо мектептин ремонтуна, китепке, майрамдарга акча сурашат, мен бере алчу эмесмин. Алар мени жекирип алган баамды да төмөн кылып коюп салышчу. Ушуга байланыштуу мен мектептеги майрамдарга катышчу эмесмин. Бир жолу баары Жаңы жылга майрамдык костюм кийип, а мен болсо жыртык бут кийимче болчумун. Баары белек алышты, мен Аяз Атаны карап белек үмүт кылып турдум. Бирок менин класс жетекчим мага апаң майрамга акча бербеди, эми сага белек жок деп айтты. Мен аябай ыза болдум. Менин айланамда баары конфеттерин көрсөтүп меин ызалап жатышты. Ошондон кийин мен таптакыр майрамдарга барганым жок. Таң калыштуусу, менин классташтар менен түшкөн сүрөтүм да жок. Мен апама мени башка мектепке котор деп айта албадым. Мен анын ден соолугун аяп, баарын ичиме жуттум, жалгыз болгондо ыйлап алчумун. Кордукка чыдоо аябай кыйын болду».
Лола өспүрүм кезинде, аны бир чоң киши зордуктап койгондугун да айтууга батынды.
«Бешинчи классымда бир укмуштуу иш болду, ошол күндү унута албайм. Мен мектептен батыраак кетүүгө шашып жаткам, анткени мени эрмектегендерден тажагам. Биздин райондо жаңы конуш курулуп жаткан. Жолдо мени бир киши жоолуктурду. Мен аны билчүмүн, аны ошондой ишке барат деп ойлобогом. Ал мени курулуп бүтпөгөн үйгө сүйрөп кирди. Мен кыйкырып, каршылык кылдым. Мен эмне болуп жаткандыгын түшүнгөнүм жок. алмени муунтуп, уруп, анан үстүмө жатып алды. Ал менин шымымды жана трусамды кантип чечип салгандыгын билбейм. Муунтканда эсимди жоготуп коюптурмун. Башыма урган соккуну гана эстедим. Ал шымын кийип жатып, мени кызга окшоп жүрөсүң деди. Менден кан кетти. алкеткенден кийин мен бурчка жабышып ыйладым. Мен үйгө кантип барып, ата энеме кантип айтаарымды билбедим. Көпкө чейин отурдум, анан үйгө жөнөдүм. Шымымды араң көтөрүп кийип, үйгө араң эле жеттим. Кадам сайын кыйналып жаттым. Бактыга жараша үйдө эч ким жок экен. Муздак сууга жуунуп, кийимдеримдин баарын жуудум. Мен аябай кан кетип жаткандыктан апама айттым, бирок зордукталганымды айтпадым. Апам мени геморрой болуп калыпсың деди, билбей калды. Мен ал жолго экинчи салбай калдым, айрылган жерди эки жолу тиктиргенге туура келди. »
Ал уктап жатканда өгөй атам муштуму менен бетке урду.
«Классташтардын жана мугалимдердин бөлгөнү аз келгенсип, үйдө да жек көрүү, жээрүү болчу. мен апам жана өгөй атам менен жашачумун. Ал дайыма мени бир жакка кетирип жибергенге аракет жасап, апама жамандап турчу. Апам болсо мени көбүнчө эле катуу урчу. Өгөй атам апамды урчу, апамдын бетинен көк кетчү эмес. Бир күнү ал мас келди. Мен уктап жаткан болчумун, ал мени бет талаштыра сокту. Мен эмне болгонун түшүнбөй калдым. Апамдын «Кач» деген үнүн уктум. Апам ага асышлып калганда. мен жылаңач качып чыгып сарайга жашынып калдым. Аябай үшүдүм, өгөй атам издеп кыйкырып, тапсам өлтүрөм деп жатты. Мен сарайдын ичинде сыз жерде канча отурганымды билбейм. Үйдө болсо дагы эле кыйкырыктар чыгып жатты. Мен ошондо 12 жашта болчумун. Ушул окуядан кийин апам өгөй атам менен ажырашып кетти. Мен буга аябай сүйүндүм. Анткени ал дайыма үйдө отурчу, апам болсо базарда соода кылчу».
Кордоо жана кемсинтүү колледжде да уланды.
«Мен мектепти бүттүм, апам мени колледжге окуганга макул кылды. Группабызда жалаң гана балдар болчу, мен алардын баарынан акылдуу болчумун. Биринчи курста эң жакшы окудум, бирок экинчи курска келгенде баары кызыксыз болуп калды. Ал жерде да мага ат коюшуп, уруп, кээде тепкилешчү. Бир мугалим бар эле, ал кыздарга да кол көтөрүп жиберчү, ошол бир жолу мени урду. Бир жолу Жаңы Жылда мени Аяз Кыз кылып тандап алышты. Мен аябай кубандым, анткени өзүмдү кыз сезип калдым».
Лоланын сөзү боюнча Кыргызстанда трансгендерлерге ишке орношуу кыйын.
«Колледжди бүкөн соң мен иш издедим, бирок таба алганым жок. Бардык жерде мага башкача көз караш менен карашат да, баш тартышат. Кээде стажировкага алышчу, баарын жалтыратканга мажбурлашчу. Анан өзүбүз чалабыз деп коюшчу. Бирок чалышчу эмес. Ошентип күндөр өтө берди. Кээ бир жерлерде официанттыкка алышчу, бирок кардарлар нааразы болушчу. Бир учурда кардар кетип баратып к...ттүн колунан тамак жебейм деген.
… Анан мен университетке өтүүнү каалап, өттүм. Педагогика факультетин сырттан окуп бүтүп, колледжден кудайдын кудурети менен иш таап алдым. Бирок ал жерде да кыса башташты. Өз ара сүйлөшүп, мен өз ориентациям менен студенттерди бузбашымды айта башташты. Директор жеке өзү эч нерсе айта алган жок, бирок кесиптеш-колдоочуларын мага айдактап койду. Алар болсо менин дос мугалимдерим аркылуу мындай болбойт деген сөздү айттыра башташты. Көрсө, алар менин «Одноклассниктеги» аккаунтума кирип менин курбуларымдын видеосун көрүп калышыптыр. Мени жумуштан кетүүгө мажбур кылышты. Мен арыз да жазбастан кетип калдым».
Лола жумуштун жоктугунан сойку болуп кетти.
«2015-жылы мен өзүмдү өзгөртүүнү чечтим. Комиссиядан өттүм, психологиялык тесттен өттүм. Бир жагынан аябай коркунучтуу болду. Мен жашоом тууралуу, элдердин кабыл алуусу тууралуу көпкө ойлондум. Ушул суроолор дагы эле мени кыйнап келет. Мен көп жолу агрессиянын курмандыгы болдум. Бир жолу терезени уруп, колумду майып кылып ала жаздадым, тырык болуп калды. Бул менин жашоомдун эң курч мезгилдери. Мен зордук менен басынуу кырдаалдарына күн сайын туш болом. Менин бараар жагым калбай калганда гана сойку болууга аргасыз болдум».
Трансгендерлер милиционерлер тарабынан зомбулукка кабылышат.
Бул жаатта мен орган тарабынан коркунучту байкадым. Алар кардар сыяктуу коңгуроо кылышып, келип, анан коркутуп акча алып кетишет. Болбосо камап салабыз деп коркутушат. Бир жолу бетиме эле айтышты, наркотик салып карматып туруп каматам, далилдей албайсың деп. Алардын кылыктарына чыдоого туура келет.
...Мен милицияга арыз жаздым, бирок жооп болгон жок - РИИБге барам, ал жердегилер шылдыңдашат. Токтомду алып соттук медициналык экспертизага да бардым. Бир жолу мени эксперт кабыл алгысы келбей, башка бирөөгө жөнөтүп жиберди. Ар күн сайын ар түрдүү кардарлар менен жоолугушуу кыйындыкка турат, ал эми бул жерде органдары да ашыкча болуп жатат.
Тартип сакчылары бизди байыма видеого тартып алышат. Кардар сыяктанып келишип аймактык тескөөчүлөр, оперлер коркутуп акча алып кетишет.
Бир күнү болсо мени сүрөткө тартып, видеого алып кылмышкерлердин базалык дарегине илебиз, кокус бирдеме болсо сени издегенге оңой болот дешти. Алар дайыма биздин телефондорубузду, документибизди тартып алышат. Адегенде мен билбей каршылык көрсөтө бериптирмин.
Тартип сакчылары сойкулардан мажбурлап акча алып турушат
«Мени акыркы жолу менин аймагымдын течкөөчүсү кордоду. Ал кесиптеши жана иниси болуп үйгө кирип келишти, сөгүп, коркутуп СИЗОго алып барам деди. Ал мени кардарлар алдап өдөрүнө карматууга мажбурлады. Мен кантип ңзүм акча алып жашап жаткан кардарларды сатам? Мен андан баш тарттым. Бул адамгерчиликке жатпайт дедим. Анда акча бергиле деди. Биз жумасына 2000 сомдон берип турдук. Андан сырткары көрүнгөн эле жерден коркутуп акча алышат. Милициялар журналисттерди ээрчитип алышып камерага тартып кирип келген күндөрү да болгон. Бир жолу бир журналист болсо аны урду деп жазды, чындыгында ал чалынып полго жыгылган болчу. Бизди кууп тергөөчү экөө ашыгып чуркап баратып жыгылган. Мага сотто урду дегени аябай күлкүлүү угулду. Журналист кыз мага жана менин 5 кесиптешиме 250 000 сом бергиле, болбососилерге карата арыз жазам деди. Кыздар андай акча таба алышкан жок жана 7 ай СИЗОдо жатып чыгышты. Мен болсо 5 миң сом берип, араң кутулуп кеттим».
Лола ушул жылдын октябрь айындагы укук коргоочулар менен болгон окуяны айтып берди. Ал жаңжалдын видеосу коомчулукта кеңири резонанс жаратты.
«Биз курбум экөөбүз машина менен баратсак, МАИ кызматкери бизди токтотту. Тагыраагы, ал кайдан жайдан эч кандай эскертүүчү белгиси, жарыгы жок эле биздин алдыбызды тосту. Биз бир аз өтүп токтодук, биздин алдыбызда жашыл машина токтоп турган. Биз алардын милиция экендигин билген эмеспиз, алардын эч кимиси өзүн тааныштырган да жок. Мен корктум, бизге бир нерсени таштап коёт же урат деп ойлодум. Мен машинанын эшигин ачканым жок, терезени бир аз түшүрүп койдум. Тергөөчүнүн жана жактоочунун келишин күттүм. Бирок ал жерге дагы кошумча оперлер келди. Келген тергөөчү болсо түкүрүнүп, сөгүнүп, сагынды. Алар машинанын эшигин сындырышты. Терезени зордоп түшүрүшүп, мени күчкө салып машинадан чыгарып алышты. Ошол күнү алар эки жолу телевидениени чакырышты. Экинчи жолу телеканалдын журналисттерин чакырышты, анткени биз 1000 сом сурашканынан бербей койгонбуз. Адегенде бизди телефонго тартып алышты, анан телевидениеден үчөө келишип алар да видеого тартышты. Алар эч нерсе кыла алышкан жок, жөн гана наркологияга алып барышты да коё беришти. Бирок ал адамдардын эч кимиси өзүнүн ким экендигин айткан жок».
Видеонун соцтармакта жана ЖМКда таркаганынан кийин трансгендер үйүнөн чыга албай калды, кошуналарынын негизсиз арызынан кийин башка жакка көчүп кетүүгө мажбур болду. Ал кыз көбүнчө асынып алсамбы деп ойлонот.
«Менин келечектен кабатыр болом, кантип жашайм, кайдан жумуш табам. Он жылдан кийин мен эмне болом. Мени бардык жерде ушинте беришсе эмне болом. Мен ушунча жылдан бери үй же карьера кыла алган жокмун. Бардык жактан эле сени кыса берсе, башыңа бир гана ой келе берет экен. Баарын таштап, көрбөй да, укпай да кетип калгың келет».
Трансгендер-кыз фейсбук социалдык тармагындагы «Унчукпай койбо» деген акциянын алкагында өзүнүн өмүр баянын айтып берди. Бул акция күч колдонуп өльүрүлгөн трансгендерлердин элесине арналып өткөрүлгөн.
Манас Кольбаев
Сүрөт www