Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жылдызбек Турганов: «Бишкектин райондоруна чыгаан инсандардын ысымы берилиш керек»

Мындай демилге менен коомдук ишмер бийлик өкүлдөрүнө кайрылган

«Өткөндү билбей туруп келечекке жол салуу мүмкүн эмес» - деп жазылат ал кайрылууда. Улуттук идеологияга таянган мамлекеттер өнүгүп жатканы мисал келтирилип, ар бир өлкөнүн байлыгы бул андагы эли, жери үчүн кызматын аябаган улуу инсандар экени жазылат.
Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө жана көз карандысыз өлкө болуп өнүгүшүнө өз кезегинде чоң салым кошкон чыгаан инсандарыбыз көп деп жазылат катта.
Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов Бишкек шаарынын Свердлов,Ленин,Октябрь жана Биринчи май райондорунун аталышын Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков,Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов, Апсамат Масалиев, Султан Ибраимов,Насирдин Исанов сыяктуу улуу инсандардын ысымдарына алмаштырып ыйгаруу демилгесин сунуштайт.
Анын айтымында бул идея ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө бар,бирок,эч ким расмий түрдө бийликке кайрылган эмес.
«Кайрылуу 3 күн мурун жазылды. Бийликтегилер колдойт деген үмүттө күтүп жатабыз» - дейт Жылдызбек Турганов.
Мындан сырткары дагы башка улуу инсандардын ысымдарын өлкөдөгү район-шаарларга, чоң көчөлөргө кою сунушу жазылган.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх